“Мекенге мээримин арнаган аялзаты” китеби жарык көрдү

May 14, 2021, 09:31

Аталган  китеп “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан демилгеленип,  Абдыжапар Нурдиновдун авторлугунда  даярдалып, жарык көрдү. Нускасы 1000 даана, кыргыз тилинде.


Ар кандай тагдыр менен, ар кайсы убакта   бөтөн жерге кетип, бейтааныш элдин арасында мигрант катары өмүр сүрүп, ак эмгеги менен ийгилик жаратып, коомубуздун  өнүгүүсүнө өз салымын кошкон 21 айымдын өмүр таржымалы,  ишмердиктери тууралуу  кызыктуу очерк-баяндар камтылган. Миграциянын адамдын жүзүнөн сылабаган катаал мүнөзү  аялзатына келгенде ого бетер оор болуп кетээрин китептеги ар бир  баянды окуганда  аргасыз ынанасың.


Бүгүнкү статистика өлкөбүздөн чет жактарга жумуш издеп кеткендердин теңинен көбү аялзаты экендигин  көрсөтүп отурат. Демек, мигранттардан  өлкөбүздүн аймагына  тынбай келип аткан каржылык колдоонун  жок дегенде теңин аялзаты таап, жиберип жатканын эч ким тана албайт. Тилекке каршы, миграциядагы аялзатынын бул эмгеги коомчулукта  кеңири айтылып, татыктуу   бааланбай жатканы өкүндүрөт, Тескерсинче, кыздардын, аялдардын миграцияга тушукканын  салт-санаага жат көрүнүш катары баалап, коомчулук кабыл албаган учурлар да кездешет.   Мына ушул себептерден улам бул китептин максаты- мигрант кыздардын жана аялдардын ак эмгек менен жараткан ийгиликтерин элге  даңазалап көрсөтүү, алардын ийгиликке жетүү сырлары, тажырыйбасы менен көпчүлүктү тааныштыруу, коомдун пикирин позитивдүү нукка буруу.


Китеп “Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын,кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун алкагында жарык көрдү.


Долбоор БУУнун “Тынчтыкты куруу” фондунун каржылык колдоосунда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан БУУнун Миграция боюнча Эл аралык уюму, БУУ-Аялдар жана Эл аралык Эмгек уюму менен биргеликте жүзөгө ашырылган.


Белгилей кетсек, “Мекенге мээримин  арнаган аялзаты” китеби  “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан үзгүлтүксүз чыгарылып келаткан “Мекендештер” сериясындагы кезектеги басылма болуп саналат.