"Ой учкундары" китеби жарык көрдү

May 26, 2021, 08:47

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) вице-Президенти жана өкмөт башчысы, шейх Мохаммед Ибн Рашид Ал-Махтумдун калемине таандык Бириккен Араб Эмирликтеринин азыркы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу ойлорун жазган "Ой учкундары" китеби  жарыкка чыкты.

 

Мусулман өлкөсүндөгү эң таасирдүү лидердин китеби  “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун "Өмүрү өрнөктүү инсандар" түрмөгүнүн алкагында жарык көрдү.

 

Шейх Мохаммед БАЭ өкмөтүндө системалык стратегиялык пландоонун негиздөөчүсү деп эсептелет. Көптөгөн инновациялык идеяларды коомдук жана соода тармактарында, жергиликтүү жана улуттук деңгээлде жүзөгө ашырууну да ал биринчи сунуштаган.Ар бир лидер жана мусулманмын деген инсандар бул өлкөнүн өнүгүү тарыхын жана багыты жана келечеккке болгон пландары жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү Лидерлердин ролу менен таанышуу мүмкүн.

 

Китеп БАЭнин заманбап реформачыл жетекчилигинин ийгиликтерине саресеп салууга көмөк кылаары шексиз. Бул басылма Жакынкы Чыгыштагы өрнөктүү экономикалык реформаларды жүзөгө ашырып жаткан федерациялык мамлекеттин тарыхын жана азыркы жагдайын терең үйрөнүүнү мүдөө кылган чыгыш таануучуларга, тарыхчыларга, саясат таануучуларга жана жалпы окурмандарга арналат.

 

Китепти чыгаруу демилгеси, Кыргыз Республикасынын  экс-Президенти, Кувейт мамлекетинин "Дүйнөдөгү чыгаан аялдар үчүн Кувейт Премиясы" сыйлыгынын ээси Р.И.Отунбаевага таандык. Кыргызча которуп окурмандарга жеткирген – журналист, котормочу Касым Машакбай уулу Рахманкулов, редактору котормочу публицист, илимпоз, тарых илимдеринин доктору профессор  Т.Чоротегин.

 

Китептин бет ачар аземинен  кийин анын нускалары  мамлекеттик китепканаларга,

ЖОЖына саясий жана коомдук лидерлерге бекер  тапшырылат.