Баткендин Жаңы-жер айылында тренажордук зал жана балдар аянтчасы ачылды

June 2, 2021, 08:44

2021-жылдын  1-июнь- балдарды коргоонун эл аралык күнүндө  Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак  айыл өкмөтүно караштуу  Жаңы жер айылында,   О.Абдырахманов атындагы орто мектепте   «Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында  эки чоң иш чара болуп өттү. Аталган долбоор жарыялаган  сынакка Суранова Интипакай  «Келечекке багыт –дени сак жаштардан башталат» аталышындагы тренажордук зал куруу,  ал эми  Азимов Соорбай “Бактылуу балалык” аталышындагы Балдар аянтчасын куруу боюнча   жергиликтүү демилгелери  менен катышып,  каржылык колдоо утуп алышкан.  Бүгүн  айыл эли, айрыкча өсуп келаткан муун үчун абдан зарыл болгон  Тренажордук  залдын жана Балдар аянтчасынын  ачылышы болуп өттү.


Салтанаттуу иш чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран, Эл аралык Миграция Уюмунун  программалык директору Айжан Боромбаева,    “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун долбоор координатору Чынара Абдыраимакунова, Кадамжай районунун акиминин орун басары  Мейликан Асанова, райондук акимчиликтин   социалдык өнүктүрүү бөлүмүнун начальниги  Гулбарчын Осмонова,  Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, мектеп жамааты жана айылдыктар катышышты.


Иш чаранын учурунда   жогоруда аталган долбоор алкагында жарык көргөн “Мекенге мээримин арнаган айымдар” китебинин бет ачаары да болуп өттү.  Ошондой эле   Ак-турпак айыл аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү,  шахмат боюнча  жана үй-бүлөлүк   “Атам, апам жана мен” аталышындагы спорттук мелдештер  уюштурулду, иш чара мектеп окуучулары даярдаган концерт менен коштолду.