Коопсуз миграция маселелери боюнча машыктыруучулар үчүн тренингдин Пост-релизи

September 25, 2020, 14:40

Коопсуз миграция маселелери боюнча машыктыруучулар үчүн тренингдин

Пост-релизи

2020-жылдын 22-25-сентябры, Бишкек, онлайн формат

 

 

22-сентябрдан 25-сентябрга чейин адамдарды сатуунун алдын алуу жана анын курмандыктарынын санын кыскартуу максатында коопсуз миграция жана адам укуктары маселелери жагынан жаңы маалыматтык компетенцияларды калыптандыруу боюнча кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин арасындагы машыктыруучулар үчүн онлайн тренингдер уюштурулду.

 

Тренингдин программасына миграция, коопсуз миграция түшүнүктөрү, миграциялык процесстердин тобокелдиктери, чет өлкөлөрдөгү жумуш жөнүндө ишенимдүү маалыматты кайдан жана кантип издөө керек, жалдоо жагынан иш жүргүзгөн агенттикти кантип текшерүү керек деген сыяктуу темалар жана мигранттар кабылган башка көптөгөн маселелер кирди. Булар учурдагы, ошондой эле потенциалдуу ар бир мигрант, ошондой эле Кыргызстандын кесиптик лицейлеринде окуп жаткан жаштар үчүн өтө маанилүү билимдер.

 

Онлайн тренингге өлкөнүн бардык региондорунан 40 кесиптик лицейдин окуу-тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басарлары, ошондой эле КР БжИМдин Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун / БУУнун Миграция боюнча агенттигинин өкүлдөрү катышты.

 

Долбоордун алкагында ошондой эле кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн класстык саат сабактарында пайдалануу үчүн Коопсуз миграция боюнча колдонмо иштелип чыкты, ал өлкөнүн бардык лицейлери боюнча таратылат.

 

Тренингди миграция боюнча эксперт«Адамдарды сатууга каршы 100 күн! Жаштар колдойт!» кампаниясынын маалыматтык системасынын алкагында жаштар менен иштөө боюнча координатор Римма Султанова өткөрдү.

 

Тренингди Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги финансылап жаткан Миграция боюнча эл аралык уюмдун / БУУнун Миграция боюнча агенттигинин «Региондук жана глобалдык көйгөйлөргө жооп иретинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жана чабал мигранттарды коргоо боюнча потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду өткөрүп жатат.