«Поэзия поезди» поэзия кечеси

February 7, 2019, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон жаш акын, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси Максат Жангазиевдин, акындар Мырзайым Айтимбетованын жана Умар Нусубалиевдин чыгармачылыгына арналат.


Кече 2019-жылдын 15-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт. Кирүү акысыз. Башталышы саат 17.00


Максат Жангазиев 1992-жылы Жалал-Абда облусуна караштуу Токтогул шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын ээси, “Калемгердин пегасы” сынагынын баш байгесин жеӊип алган. Анын “Жүрөк үнү аттуу алгачкы жыйнагы 2014-жылы жарыкка чыккан.


Мырзайым Айтимбетова 1993-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда төрөлгөн. Анын алгачкы “Баш тартпас жол” деген ырлар жыйнагы 2018-жылы жарык көргөн. Анын поэзиясына лирикалуулук жана мекенчилдик мүнөздүү. ”Кол бутумдун үзүлгөнчө тамыры коргоп берем кыз-келиндин намысын”деген сыяктуу жалындуу саптардын автору.


Умар Нусубалиев 1990-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Каба айылында төрөлгөн. “Улуу тилегим” аттуу ыр китептин автору. “Беш акын” теледолбоорунун жеӊүүчүсү, Түрксой эл аралык уюмунун Жусуп Баласагын медалынын ээси. Ал “Шилте акын мокотпой калемиӊди, Шедеврди Шекспир эле жазган эмес” деген белгилүү ыр саптардын автору.


Ыр кечени белгилүү обончу жана аткаруучу, КР эмгек сиӊирген артисти Майрамбек Осмонов жана жаш ырчылар Азиз Батыров,Индира Кабылбаева коштойт.


Кечени белгилүү акын Мирлан Самыйкожо алып барат.


Кече толук бойдон ЭЛТР телеканалы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.