Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы

December 15, 2018, 06:00


Пресс-релиз

Искусство жөнүндөгү балдарга арналган китептердин презентациясы


Датасы: 17 декабрь, 2018 -жыл

Убактысы: 12.00-13.30

Өтө турган жери: Улуттук Филармониянын Чоң залы



2018-жылдын 17-декабарында саат 12.00 Кыргыз Улуттук Филармониясынын Чоӊ залында Искусство жөнүндөгү балдар китептеринин сериясынын презентациясы болот. Бул төрт китептин каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз_КР Эл артисти, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев («Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу» китеби), -Казахстандын Эл артисткасы, Казахстандын Улуттук искусство университетинин ректору, скрипкачы Айман Мусаходжаева («Биринчи скрипка» китеби), -Өзбекстандан СССРдин Эл артисти, Ташкент Консерваториясынын опералык вокал кафедрасынын жетекчиси, опералык ырчы Исмаил Жалилов («Исмаилдин керемет үнү» китеби), -КР Эл сүрөтчүсү, Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаев («Юристанбек неге юрист болбой калды эле…» китеби).


Бул китептерде искусствого кызыгып алган кичинекей бала өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн кандай кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеӊип, атак-даӊкка жетип, өз өлкөсүн бүтүндөй дүйнөгө даӊктаганы тууралуу айтылат. Ошондой эле бул баяндарда бала бир гана таланты, шыгы менен гана белгилүү болбостон, өзүнүн эмгекчилдиги, талыкпаган аракети, кыйынчылыктарга чыдай алган өжөрлүгү менен ийгиликтерди багындырганы тууралуу сөз болот.


Биз эмне себептен көбүбүз замандаштарыбыз тууралуу китептерди окугубуз келет. Анткени, адатта, биз көзү өтүп кеткен көрүнүктүү инсандар менен сыймыктанганга көнгөнбүз да жаныбызда жүргөн таланттуу, керемет, асыл адамдарды байкабай калабыз. Алардын басып өткөн үлгүлүу өмүр жолу өз максаттарына жетүүгө жаңыдан кадам койгон балдар үчүн кыйынчылыктардан коркпоого үндөгөн, абдан мыкты шыктандыруучу күчкө ээ экени талашсыз. Балким бул китептерди окуган балдарыбыз өзүнүн келечегин искусстводон көрүп калаар, же китептердин бири анын тандаган жолун бекемдөөгө салым кошоор, анан биздин искусство мейкинибизде дагы бир жаңы жарык жылдыз жанып калаарынан шек жок.


Китептер «Заманбап искусство балдарга» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин, Казак Республикасынын Маданият министрлигинин жана ФИНКА банкынын колдоосу менен жарыкка чыкты.


Китептерди даярдап, чыгаруу идеясы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуна таандык. Толук маалыматты бул телефондор аркылуу алсаныздар болот: 660 368, 0772 85 57 10 «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду.