Пресс релиз «Ыймандай сыр» поэзия кечеси

October 15, 2018, 06:00

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акын , журналист Жедигер Саалаевдин чыгармачылыгына арналат.


Кече 2018-жылдын 19-октябрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясынын кичи залында өтөт.

Иш-чара саат 17.00дө башталат.

Кирүү акысыз.

Жедигер Саалаев Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында туулган.


КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн, аспирантуранын сырттан окуу бөлүмүн жана КМУУнун бажылык жана юридикалык кадрларын даярдоо боюнча факультетин бүтүргөн. Юридика илимдеринин кандидаты.

 

Публицистикага жана поэзияга мектепте окуп жүргөн мезгилинен эле кызыгып, чыгармалары райондук, облустук жана республикалык басылмаларда үзбөй жарыяланып келген.


Биринчи ырлар жыйнагы «Жөрөлгө» деген ат менен 1987-жылы жарык көргөн.


«Мээр жана Мөөр», «Бешик той» аттуу пьесалары Кыргызстандын профессионалдык театрларынын сахналарында коюлган. Ж.Саалаев “Башат” (1990), Аргасыздык ырлары” поэтикалык жыйнактарынын да автору.


Ал 1990-жылдан Кыргызстандын Жазуучулар, 1979-жылдан Журналисттер жана 1987-жылдан Театр ишмерлер союздарынын мүчөсү.


1991-жылы Ж.Саалаевге адабият тармагында Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгы ыйгарылган.


Кечени акындын сөзүнө жазылган ырлары менен КР эл артисти Роза Аманова, КР эмгек сиңирген артистери: Асылбек Өзүбеков,Исрадин Аманбаев дар коштошот.


Иш-чараны акын Мирлан Самыйкожо алып барат.