Пресс-релиз «Айылдык мейман үйлөрү Талас облусундагы туризмдин өнүктүрүүсүнүн келечектүү багыты»

March 29, 2017, 06:00

2017-жылдын 29-мартында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Мекендештер» долбоорунун алкагында КР өкмөтүнүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Маданият , маалымат жана Туризм министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Миграция боюнча Эл аралык Уюмдун жана Эл аралык кызматташуу боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен «Айылдык мейман үйлөрү Талас облусундагы туризмдин өнүгүүсүнүн келечектүү багыты катары : абалы, келечеги, алдыӊкы практикалар» аталышындагы тегерек стол өткөрөт.


Тегерек стол Талас шаарында, КР Окмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратындагы кичи залда өтөт.


Башталышы саат 10.00


Тегерек стол чакан жана орто бизнести колдоо, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдорун талкуулоого, Талас облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын сервистик тейлөө чөйрөсүндөгү техникалык потенциалын күчөтүү, ошондой эле туризмге арналган айылдык мейман үйлөрүн түзүүнү демилгелөө жана аларга техникалык колдоо көрсөтүү маселелерине багытталган.

 

Иш чаранын максаты – тажырыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү, аялдар ишкерлигин өнүктүрүү, мамлекеттик жана финансылык институттар тарабынан колдоо маселелерин, ошондой эле айылдык аялдар арасында финансылык сабаттуулукту көтөрүү жана ишкерликти өнүктүрүү жолдорун талкуулоо болуп саналат.

 

Тегерек стол негизги кызыкдар тараптарга Талас облусунун туристтик жагымдуулугун жогорулатуу боюнча конкреттүү иш-аракеттер тууралуу сунуштарды берүүгө жана мейман үйлөрүн түзүүгө басым жасоо менен мейманкана бизнесин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.


Тегерек столдун ишине КР Экс-президенти Р.Отунбаева, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.А. Кенекеев, Жамааттарга негизделген «Хоспиталити Кыргызстан» Кыргыз Туризм Ассоциациясынын жетекчиси М.Озубеков, «Бай түшүм» банкынын жана «Юнисон» коомдук фондунун өкүлдөрү жана башка башкаруунун тармактык органдарынын жетекчилери жана адистери, туристтик компаниялардын өкүлдөрү, айылдык конок үйлөрдүн ээлери, ошондой эле эксперттер катышат.

 

Байланыщ үчүн: 0555812251 Алена