Китептер бет ачаары, «Поэзия кечеси» Нарында

October 12, 2016, 06:00

2016-жылдын 20-октябрында Ата-Башы районунун Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектепте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган «Манас сүрөттөрдө», «Тоо жаӊырткан чагылгын», «Досторум конокко чакырат», «Уч жаштан кийин кеч» жана башка бир нече китептердин бет ачаары болуп өтөт. Бул иш чара ошол эле күнү түштөн кийин Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы областтык китепканада да уланат. Китептердин бет ачаары учурунда «Китеп көргөзмөсү» да уюштурулат.


Ошондой эле Аталган иш чара белгилүү акын, Алыкул атындагы сыйлыктын ээси “Ай жарыгында”, “Жүрөктөгү шамал”, “Эсимде”, Жолдо бастым ойлонуп” китептеринин автору Ф.Абдалованын музыкалуу поэзия кечеси менен да коштолот. Белгилей кетсек, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду 2016-жыл ичинде ай сайын өлкөбүздөгү эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон акындардын поэзия кечелерин ай сайын үзбөй өткөрүп келе жатат.


Бет ачаарга райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп, бала бакча директорлору, ата-энелер, поэзия сүйүүчүлөр чакырылган.