Индиядан келген меймандар - доктор Харбин Арора жана доктор Виней Рай менен жолугушуу болот

July 21, 2016, 06:00

2016-жылдын 27-июлунда «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КРнын Индиядагы Элчилиги менен бирдикте «Ойло» конференц-борборунда Индиядан келген меймандар – доктор Харбин Арора жана доктор Виней Рай менен жолугушууну өткөрөт.

 

Доктор Харбин Арора – глобалдык масштабдагы лидер, агартуучу, меценат, оратор, автор, ишкер жана филантроп, Индиядагы Ахмадабаддагы Рай университетинин, Бангалордогу технологиялык университеттин жана Ранчидеги Джхарканд Рай университетинин ректору. Доктор Арора – Аялдар Лигасынын Төрайымы (ALL Ladies League), Ар жылдагы дүйнөлүк аялдар экономикалык форумунун башчысы. Ал 2010-жылы АКШда жарык көргөн «Creative Living: Discovering Your Beautiful Path and Lifestyle toward Happiness and Wellbeing» китебинин автору жана «Dawn of a New Vibrant India via Education, Educare, E-Learning, Equity, Employment, Entrepreneurship and Empowerment» китебинин тең автору, ал Индияны глобалдык лидер кылуу үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү жана Скиллинг аркылуу Индияда жаштардын өсүшү үчүн радикалдуу жана новатордук чараларды сунуш кылуу аракетинде жол баштоочу болуп саналат. Негизги үч сунуш Индиянын өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Доктор Арора Дели Университетинде экономика жагынан бакалавр даражасын, Лондон университетинин Королдук колледжинде жана Королдук драматургия академиясында магистр жана Париж III Жаңы Сорбонна Университетинде философиянын доктору даражасын алган.

 

Анын жубайы, Доктор Виней Рай Индиянын белгилүү бизнес-үй-бүлөсүнө таандык. Доктор Рай Индияда көптөгөн өнөр жай палаталарынын президенти болгон, ал билим берүүгө өтө кызыгат, анын үй-бүлөсүнө Индияда 25000ден ашык студенти бар төрт жеке университет таандык.

 

Доктор Виней Санкт-Стивенс, Дели университетинде физика боюнча бакалавр даражасын, ошондой эле АКШнын Массачусетс технологиялык институтунда, Кембриджде электроника жагынан бакалаврдын жана материал таануу жагынан магистрдин даражасын алган, алмашуу боюнча студент катарында Гарвард бизнес мектебинде 6 ай өткөргөн. Ал 21-кылымдын жаңы геосаясий майданында супердержава катары Индиянын орду жөнүндө “Think India- the rise of the world’s next super power and what it means to an average American” китебин иштеп чыккандыгы үчүн доктордук даражаны алган, ал китеп 2005-жылы АКШда жарыяланган.

 

Жолугушууда биздин меймандарыбыз Индиядагы, ошондой эле дүйнөлүк масштабдагы өзүнүн иши жөнүндө айтып берет, Ар жылдагы дүйнөлүк аялдар экономикалык форумун алып барат.

 

Жолугушууну өткөрүү датасы жана убактысы:

2016-жылдын 27-июлу, саат 10:00дө

 

Жолугушууну өткөрүү орду:

Токтогул көчөсү 125/1, Тоголок Молдо көчөсү менен кесилиште, Gallery имараты, 3-кабат