Ага Хандын Маданият боюнча трастынын «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсү

July 12, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 20-21-июлунда Ага Хандын Маданият боюнча трасты менен АКДН өкүлчүлүгү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирдикте Бишкек шаарынын Улуттук көркөм сүрөт музейинде «Өткөндөгүнү коргоо менен келечекке дем беребиз» көргөзмөсүн уюштурат, анда дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарында маданий мурасты калыбына келтирүүгө көмөктөшүү боюнча Траст аткарып жаткан күч-аракеттер чагылдырылат.

 

Бул көргөзмөдө ар түрдүү маданий контексттерде жана ар кыл географиялык райондордо, анын ичинде Борбордук жана Түштүк Азияда, Африкада жана Жакынкы Чыгышта тарыхый шаарлар үчүн Ага Хандын Маданият боюнча трастынын программасы жүргүзүп жаткан негизги реставрациялык долбоорлор сунуш кылынат.