Фатима Абдалованын поэзия кечеси.

May 4, 2016, 06:00

Үстүбүздөгү Тарых жана маданият жылында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду КР Жазуучулар Союзу жана Улуттук Филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын жана жазуучулардын жана жаштардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулайт.

 

Мындай кеченин кезектегиси Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты, белгилүү акын Фатима Абдалованын чыгармачылыгына арналат. Иш-чара 2016-жылдын 19 -майында Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

 

Ф.Абдалова ыр жазууну сегиз жашынан баштаган. Анын ырлары жогорку окуу жайында окуп жүргөн мезгилинде эле республикалык гезит-журналдарга басылып чыккан. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы «Бешик боо» деген ат менен 1989-жылы «Кыргызстан» басмасынан жарык көргөн. Ал жаш акындардын республикалык фестивалдарынын лауреаты болгон. Ф.Абдалова 1989-жылы Москвада өткөн жаш акын-жазуучулардын Бүткүл союздук семинар-кеңешмесинин , 2007-жылдын сентябрь айында Туркиянын Элазыг шаарында өткөн дүйнөлүк түрк тилдүү акындардын «Хазар поэзия кечтери» фестивалынын о.э уулу жазуучу Ч.Айтматовго Түркияда “ Түрк дүйнѳсүнѳ сиӊирген ѳзгѳчѳ эмгеги үчүн ”сыйлыгын тапшыруу аземинин катышуучусу.

 

1992-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мүчөсү.

 

Ф.Абдалованын экинчи ыр жыйнагы «Ай жарыгында» деген ат менен 1997-жылы жарыкка чыгып, Кыргызстан Жазуучулар союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыган.

 

2001-жылы “Жүрөктөгү шамал”, 2011-жылы “Эсимде” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары жарык көргөн. Фатима Абдалованын ырлары эл ичинде өзүнүн лирикалуулугу жана терең ойлорго сугарылганы менен белгилүү. Акын өз заманынын күүсүн уга билген, добушун туя билген зиректиги менен айырмаланат. “Эсимде” деп аталган китебинде эгемен Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсүнө эбегейсиз чоң салым кошкон өлкөнүн мыкты инсандарынын эмгегин даңазалап ырдайт. Адам өнүгүүсүндө эркиндиктин ролунун баа жеткис экендигин баса белгилейт. 2015-жылы акын Ф.Абдаловага “Кыргыз поэзиясындагы ѳзгѳчѳ эмгеги үчүн ” номинациясы менен Ж.Мамытов атындагы Республикалык адабий сыйлык ыйгарылды .

 

Анын бир канча ырларына обон жаратылып, бүгүнкү күндө сүймөнчүк менен эл ичинде ырдалып жүрөт. Алар “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”. “Кат жазчы мага” , “Жазым келчи ” , “ Кыялдагы мырзага ”жана башкалар болуп саналат.

 

Учурда акындын ырлардан , ой толгоо , поэмалардан турган “ Жолдо бастым ойлонуп ” аттуу кѳлѳмдүү ыр жыйнагы жарык кѳрүүнүн алдында турат .

 

Азыркы учурда Ф.Абдалова чыгармачылык менен үзүрлүү иштеп жаткан чагы.