Махатма Гандинин «Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян» китебинин презентациясынын пресс-релизи

May 3, 2016, 06:00

Махатма Гандинин «Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян»

китебинин презентациясынын пресс-релизи

2016-жылдын 8-июнь

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык универистети

Убактысы: 09.30




2016-жылдын 8-июнда Индиянын улуу гуманисти жана агартуучусу Махатма Гандинин кыргыз тилине которулган «Өмүр таржымакалым же Чындыкка умтулуу жаатындагы тажрыйбаларым тууралуу баян» китебинин презентациясы өтөт.


Котормону КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын демилгеси боюнча тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин котормочулардын, тарыхчылардын жана лингвисттердин тобу менен бирге жүзөгө ашырды.


Китеп Индиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин финансылык колдоосу аркасында 2000 нуска тираж менен чыгарылды.


Мохандас Карамчанд Ганди (1869-1948) Индиянын улуттук боштондук кыймылынын лидерлеринин бири, анын идеологи. Гандинин идеялары Индиянын көп миллиондогон калкынын аң-сезимин өзгөртүп, улуттук аң-сезимдин өсүшүнө, конфессиялар аралык жана касталар аралык диалогго, өлкөнүн тынч өнүгүшүнө карай бурулуш болуп калды.


Махатма Гандинин кыргыз тилиндеги китеби кыргыз окурмандарынын кеңири чөйрөсүнө өнүгүүгө карай жолдо регион боюнча Кыргызстандын коңшусу – ХХ кылымдын башындагы Индиянын кыйчалыштуу тарыхы, эбегейсиз зор өлкө башынан өткөргөн социалдык, саясий, экономикалык процесстер, маданий өзгөчөлүктөр менен таанышууга мүмкүндүк берет.


Презентация «М. Ганди жана азыркы Индия» конференциясынын алкагында К. Карасаев атындагы БГУда үстүбүздөгү жылдын 8-июнь илимпоздордун, дипломаттардын, эксперт – индологдордун катышуусу менен өтөт.


Маалымат үчүн телефон: 660 384, www.roza.kg