IV Билим берүү фестивалы -2016: «Экология жана ден соолук»

April 21, 2016, 06:00

Билим берүү фестивалы – ар жылдагы эки күндүк фнстиваль, ал 2013-жылдан бери Бишкек шаарында өтүп жатат. Быйылкы жылы 4-фестиваль өтөт.

 

- 22-апрелде (жума күнү) И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда (КММА).

 

-23-апрелде (ишемби) "Курманжан Датка" эстелигнин аймагында, Эмен сейил багында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында, "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда.

 

Билим берүү фестивалы шаардык ЖОЖдордун эшиктерин шаардыктарга ачууга жана жогорку класстардын окуучулары үчүн экскурсиялар, билим берүү мекемелеринин окутуучулары үчүн көргөзмөлөр жана жолугушуулар, декциялар конкурстар жана КВНдар аркылуу ЖОЖдордун турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк, ошондой эле ар кандай кафедралардын иши жөнүндө айтып бере турган студенттер жана окутуучулар менен тикелей баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. 2014-жылы Билим берүү фестивалы –Техникалык университетте (И.Раззаков атындагы КМТУ), 2015-жылы Агрардык Академияда (И.К.Скрябин атындагы КУАУ) өттү..

 

Фестивалдын аймагы 6-7 класска/интерактивдүү аянтчаларга бөлүнөт, ал жерлерде эки күн бою билим берүү көргөзмөлөрү жана экскурсиялар, ярмаркалар, лекциялар, конкурстар, викториналар, мастер-класстар жана концерттер өткөрүлөт. «Бардыгы үчүн билим», «Кесиптик Форум», «Китеп текчеси», «Билимбектин лабораториясы», «Жомок Дүйнөсү», «Спорттук класс», «Бий классы» жана «Концерттик-театралдык класс» класстарында ар бир адам өзү үчүн кандайдыр-бир кызыктуу нерселерди таба алат.

 

«Экология жана ден соолук» темасы боюнча Төртүнчү Билим берүү фестивалы «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Эко-долбоордун максаты сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөнү түзүү максатында сырттан карап байкап туруучунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

 

Фестиваль күндөрү 22-23-апрелде Бишкек шаарында болгон (акысыз жана акы төлөнүүчү) билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири спектри менен таанышууга болот. Шаардыктар өзү жана балдары үчүн жаңы кызыктуу нерселерди таап, фестивалдын катышуучулары бере турган толгон-токой пайдалуу маалыматты билип, ошондой эле атайын аянтчалардагы кызыктуу программанын аркасында жөн гана эс ала алат.

 

Бул Фестивалды 2016-жылы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Бишкек шаарынын мэриясы жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) менен бирдикте Кристенсен Фондунун жана башка коомдук, мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын башкы колдоосу менен өткөрүп жатат.

 

 

Билим берүү фестивалынын аянтчаларында силерди көрүүгө кубанычта болобуз!