Экс-президент Р.Отунбаеванын Нарын жана Ысык-Көл аймактарына болгон иш сапары

April 18, 2016, 06:00

2016-жылдын 18-19- апрель күндөрү КР экс-президенти , “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун негиздөөчүсү Р.И. Отунбаева Ысык-Көл жана Нарын облустарына иш сапар менен барат. Бул иш сапардын негизги максаты –“Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун дүйнөлүк алдыңкы өнүгүү тажырыйбаларды жана жергиликтүү тажырыйбаларды өнүктүрүү жана жайылтуу максатындагы бир нече багыттагы ишмердиктери менен аймактардагы жетекчилерди, билим берүү тармагынын жооптуу кызматкерлерин жана аймак активдерин тааныштыруу. Ошондой эле балдарды өнүктүрүү кызматттарынын сапатын жогорулатууга багытталган жаңы демилгелер жана байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоо. Жолугушуулар негизинен областардын мектептеринде, китепканаларында жана балдардын чыгармачылык билим берүү борборлорунда, жогорку окуу жайларында өтөт.


Экс-Президент Р.Отунбаева жолугушуулар учурунда өзү негиздеген фонддун максаты, бүгүнкү күндөгү жүргүзүп жаткан ишмердиктери жана алдыдагы пландары тууралуу баяндоо менен адамзат ресурстарынын өнүгүүсүн калыптандыруудагы алдыңкы эл аралык тажырыйбаларга токтолуп, ой бөлүшөт.


Белгилей кетсек, бүгүнку күндө “Р.Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөр жана эксперттер менен биргеликте Билим берүү фестивалы, Экологиялык тарбия, Мектептерде ысык тамакты уюштурууну илгерилетүү, Аялдар илимде жана техникада (СТЕМ), Устат, Мекендештер, Жайлоо бала бакчалары, Жылдыздар китеп окушат, Ачык Билим Ресурстары жана башка бир нече маанилүү долбоорлорду үзүрлүү жүзөгө ашырып жаткан учур.


Иш сапардын жүрүшундө Р.Отунбаева менен кошо Бишкектен барган мыкты адистер тематикалык жана максаттуу окууларды жүргүзүшөт. Сүрөт тартуу, хореография, көркөм кагаз кесүү техникасы, Монтессори педагогикасы, компьютердик сабаттуулук, Аялдар илимде жана техникада (СТЕМ), Ачык Билим Ресурстары, Мектеп тамактануусун жакшыртуу,Кытай боегу (живопись), көз гимнастикасы боюнча тренингдер жана мастер класстар өткөрүлөт.


Ошондой эле эксперттер учурда фонд тарабынан жүзөгө ашып жаткан жана башка долбоорлор туурасында презентацияларды жасап, маалыматтарды беришет.


Иш сапар учурунда Мао-Маонун “Менин атам- Ден Сяопин”, М.Ибуканын “Үчтөн кийин кеч” китептеринин бет ачаары жана атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде даярдалган чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиздин Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы тууралу адистердин баяндамасы да угулат. Кыргыз элине белгилүү инсандар мектеп окуучуларына китеп окуп беришет.