5-апрелде «Устат-3» долбоорунун шакирттери «Милициянын жаш досу» республикалык кароо-конкурсуна барат

April 2, 2016, 06:00

2016-жылдын 5-апрелинде КР ИИМде КРнын бардык региондорунан келген мектеп окуучуларынын катышуусу менен «Милициянын жаш досу» республикалык кароо-конкурсу өтөт.

 

«Милициянын жаш досу» конкурсун КР ИИМ окуучуларды жарандык-укуктук тарбиялоо, борбордун мектептериндеги окуучулардын арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында өткөрүп жатат.

 

Милициянын жаш досторунун отряды – мектеп окуучуларынын ыктыярдуу бирикмеси, ал окуучуларда жарандыкты тарбиялоо, жалпы маданиятты, коллективизмди жогорулатуу, кесипке багыт берүү, аларды жашы жете электердин, билим берүү мекемелеринин окуучуларынын кароосуздугунун жана укук бузууларынын алдын алуу боюнча ишти уюштурууга кеңири тартуу максатында түзүлүп жатат.

 

2016-жылдын январынан тартып «Милициянын жаш досу» конкурсу бүткүл Кыргызстандын мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлдү жана конкурстун шаардык турларында биринчи орундарды алгандар Республикалык конкурска катышат, ал 2016-жылдын 5-апрелинде КР ИИМ Академиясынын Чоң залында өтөт.

 

Укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштин методикасы жана практикасы менен таанышуу үчүн конкурстун көрүүчүсү катары катышуу үчүн «Устат-3» долбоорунун шакирттери да чакырылат.