Пресс-релиз «Устат» долбоорунун башталышы

April 5, 2013, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилегси” Эл аралык коомдук фонду Эл аралык мамилелер боюнча Улуттук Демократиялык Институту менен биргеликте менторчулук боюнча жаш айымдар үчүн “Устат” долбоорун баштайт. 

Долбоордун максаты болуп жаш айымдардын мамлекеттик жана саясий башкаруудагы потенциалын кеңейтүү жана лидерлик жөндөмүн, критикалык ой жүгүртүүсүн кеңейтүү менен саясий чечимдерди кабыл алууда тажырыйба алуу. Долбоор алкагында өсүүнү каалаган жигердүү кыздар (Mentee) өздөрүнүн тажырыйбалуу устатынан (Mentor) билим алып, саясий жана мамлекеттик башкарууда тажырыйбаланышат. 

Долбоорго 25-35 жаштагы жеке жана профессионалдык өнүгүүгө умтулган айымдар, Кыргызстандын атуулдары, учурда Бишкек шаарында жашап же/жана иштеп жаткан катыша алат. Алардын ичинен 30 катышуучу тандалып алынат. Программанын катышуучулары өзүн-өзү өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алышып, кызыктуу адамдар менен таанышып, алар менен иш алып барып, маек курганды үйрөнүшөт. 

Ментор катарында долбоорго профессионалдык ийгиликтерге жетишкен, сотто, министирликте ведомстволордо, коомдук уюмдарда жана маданиятта жогорку кызматтарды ээлеген, көрүнүктүү айымдар чакырылган. 

Долбоор алкагында менторлор менен кезигишүү жана мастер-класстар, кызыктуу иш-чаралар камтылган. 

_____________________

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фонду

PR бөлүм 

Офис: +996 312 660368

Эл.дарек: office@roza.kg