Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдерине көз үчүн гимнастика боюнча тренингдер өткөрүлөт

February 16, 2016, 06:00

Февралда К.Карасаев атындагы БГУнун Конфуций Институтунун волонтерлору 3 күн бою Бишкек шаарынын №62, №66 гимназия мектептеринин жана №28 лицей мектебинин мугалимдерине көз үчүн гимнастика боюнча тренингдерди өткөрөт.

 

Окуучулардын көздөрүнө келтирилип жаткан эбегейсиз оор жүктү эске алып, алар көп учурда көздүн кургашына, кызарышына жана алысты көрө албай калышына дуушарланып жатат деп айтууга болот. Анын үстүнө азыртан эле көзү начар көргөн балдар бар, аларга эс алуу жана гимнастика өтө зарыл. Тышкы чөйрөнүн ушундай таасирине каршы турууга жана көрүүнүн начарлашын четтетүүгө дал көз үчүн гимнастика жардам бере алат, ал көздүн чарчаганын жоготот, көздүн ичиндеги булчуңдарды жумшартат жана көрүүнү сактоого жана колдоого жардам берет.

 

Көз үчүн гимнастика боюнча тренингдер төмөнкүдөй график боюнча өтөт:

 

- 17-февралда саат 12.00- 13.00дө № 66 орто мектептин методикалык кабинетинде;

- 19-февралда саат 12.30 – 13.30да №62 гимназия мектебинин чоң залында;

- 24-февралда саат 12.40-13.40та №28 лицей мектебинин чоң залында.

 

Келечекте мугалимдер балдарды өз алдынча машыктыра алат. Тренингдер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын демилгеси боюнча К.Карасаев атындагы БГУнун Конфуций Институту менен бирдикте өткөрүлүп жатат.

 

Кошумча маалымат үчүн төмөнкүдөй телефондор боюнча кайрылууну өтүнөбүз: +996 312 660 384, +996 772 800 376.