«Мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана коомдун ролу» тегерек столунун пресс-релизи

January 26, 2016, 06:00

«Мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана коомдун ролу» тегерек столунун пресс-релизи

 

 

Өткөрүү датасы: 2016-жылдын 27-январы

Убактысы: 09.00дөн 15.00гө чейин

Өткөрүү орду:«Парк-Отель»


 

Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алууга жеткиликтүүлүгүн кантип жеңилдетүүгө болот? Мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө министрликтер менен ведомстволордун ролу кандай? Жалпы билим берүүчү мектептерде жана балдар бакчаларында билим алууну каалаган, өзгөчө муктаждыктары бар балдардын ата-энелери кандай оорчулуктарга кабылат?

 

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын, НПОлордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 2015-жылы башталган мектепке кирээр алдында даярдоонун «Наристе» мамлекеттик программасынын алкагында өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билимге жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү боюнча кадамдарды талкуулайт.

 

Мектептер жана балдар бакчалары бардык балдар үчүн максималдуу жеткиликтүү болууга тийиш.

 

Кыргызстанда өзгөчө муктаждыктары бар адамдарды коомдун ажыралгыс бөлүгү катары кабылдоого, бөгөттөрдү жана бөлүп салууну жок кылууга, көз караштарды кайра карап чыгууга үйрөнүү керек – алар боор ооруганга муктаж эмес. Аларга биздин колдообуз керек.

 

КР Билим берүү жана илим министрлиги «Мүмкүнчүлүктөрү чектелген бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана коомдун ролу» темасына тегерек столду өткөрүп жатат. Иш-чара Дүйнөлүк банк каржылаган «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун техникалык колдоосу жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун көмөгү менен уюштурулду.

 

Маалымат үчүн телефон: 660 384. www.roza.kg