Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн «Экологиялык коопсуздук» темасына лекция

January 21, 2016, 06:00

21-январда № 67 мектепте «Экологиялык коопсуздук» темасына «Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторийдин» алкагында быйылкы жылдагы биринчи лекция өтөт.

 

Лекциянын жүрүшүндө «БИОМ» экологиялык кыймылынын аткаруучу директору Анна Кириленко мектептерде кандай экологиялык тобокелдиктер болушу мүмкүн экендиги жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу ыкмалары жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолдору жөнүндө айтып берет.

 

Лекторийдин алкагында ошондой эле «Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун алкагында өткөн жылы өткөрүлгөн иш-чаралардын жана 2016-жылга Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте пландаштырылган иш-чаралардын жана эко-акциялардын презентациясы болуп өтөт.

 

№67 гимназия мектебинин окуу-тарбиялоо комплексинин окутуучулары жана окуучулары «Планетабызды коргойбуз» эко-презентациясын сунуштайт.

 

Иш-чарага Бишкек шаарынын бардык мектептеринин биология, география, химия мугалимдери катышат.

 

Бул лекторий Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта жана «БИОМ» экологиялык кыймылынын катышуусу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.

  

Маалымдоо:

«Глобалдуу ой жүгүрт – чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоорунун иш-чаралары Бишкек шаарынын Мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен кызматташтыкта, экологиялык жана жаштар уюмдарынын жигердүү катышуусу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жатат. 2015-жылы Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча 11 лекция өткөрүлдү. 

 

Көбүрөөк маалымат төмөнкү сайттарда:

 www.festival.roza.kg и www.roza.kg