Борбор шаарда кытай колдонмо көркөм өнөрү боюнча балдар үчүн «Кытай жөнүндө көбүрөөк бил!» мастер-класстарынын сериясы өтөт.

January 17, 2016, 06:00


Кытай колдонмо көркөм өнөрү боюнча балдар үчүн мастер-класстардын сериясы 

 

«Кытай жөнүндө көбүрөөк бил!», 

 

Кытайдын «Чуньцзие» Жаңы Жылына арналган 

 

«Bishkek Park» соода борбору, 2016-жылдын 19, 23, 30-январы. 



Бардык өспүрүм шаардыктарды жана алардын ата-энелерин кытай колдонмо көркөм өнөрү боюнча кызыктуу мастер-класстарга чакырабыз


19-январда (шейшемби) өтө турган мастер-класста балдар жука кагаздан кооз оймолорду кесүүгө үйрөнөт, кытай каллиграфиясынын өнөрүн өздөштүрөт, кытай опералык бет каптарынын тарыхын жана алардын маанисин билет жана өзү үчүн бет капты тарта алат.


Байыркы Тайцзицюань кармашуу өнөрүнүн жана У-шу гимнастикасынын айрым кыймылдарын өздөштүрүү, ошондой эле кытай массажынын жана көз үчүн гимнастиканын сабагын алуу – ушулардын бардыгы 23-январда (ишемби) ишембилик мастер-классынын меймандарын күтөт.


30-январда Бишкек-парктын меймандары кайрымдуулук ярмаркасына барып жана өзү, өзүнүн жакындары үчүн китептерди, сөздүктөрдү, сүрөттөрдү, майда-чүйдө буюмдарды сатып ала алат. Кайрымдуулук ярмаркасынан келип түшкөн бүткүл каражаттар кайрымдуулук максаттарына жумшалат.



Мастер-класстар акысыз. Кирүү акысыз. Достор, сиздерди күтөбүз!


Уюштуруучулар: «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду, БМУнун алдындагы Конфуций Институту. Берген аянтчасы үчүн «Bishkek Park» соода борборуна ыраазычылык билдиребиз.


Маалымат үчүн телефон 660-384, www.roza.kg