Январда жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактар боюнча кышкы мектептер (STEM) өтөт

January 11, 2016, 06:00

11-22-январда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын колдоосу менен бир эле учурда Кыргызстандын 5 регионунда жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактар боюнча кышкы мектеп (STEM) өтөт.

 

2016-жылдын 11-январында Кыргызстандын жогорку класстарынын окуучу кыздары үчүн табигый-техникалык сабактар боюнча кышкы мектептердин ачылышы болуп өтөт. Кышкы мектептер «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ турмушка ашырып жаткан «Кыз-келиндер техникада жана илимде» (STEM) долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

 

STEM аббревиатурасы S-science – илим; T-technology – технологиялар; E-engineering – инженерия; M-math – математика катары чечмеленет жана азыркы учурда көпчүлүк өлкөлөрдө STEM-билим берүү түшүнүгү ар кандай билим берүү программаларына улам жигердүү киргизилип жатат.

 

Көпчүлүк өлкөлөрдө STEM-билим берүү төмөнкүдөй себептерден улам артыкчылыктуу:

(https://edugalaxy.intel.ru/?automodule=blog&blogid=1392&showentry=6534):

 

• Жакынкы келечекте төмөнкүлөр кескин жетишпей калат: IT-адистер, программисттер, инженерлер, жогорку технологиялуу өндүрүштөрдүн адистери жана башкалар.

 

• Алыскы келечекте азыр элестетүү мүмкүн болбогон кесиптер пайда болот, алардын бардыгы табигый илимдер менен айкашкан жерде технология жана технологиялык өндүрүш менен байланыштуу болот. Био- жана нано-технология жагындагы адистер өзгөчө талап кылынат.

 

• Келечектеги адистерге табигый илимдердин, инженериянын жана технологиянын өтө ар түрдүү билим берүү тарматарынан ар тараптуу даярдык жана билимдер талап кылынат.

 

«Кыз-келиндер техникада жана илимде» долбоорунун максаты – көп сандагы кыздарды техникалык адистиктерге тартуу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан инженердик багыттагы кесиптин ээси болгон кыз-келиндерге муктаж, анткени инженердин бош кызмат ордун ээлеген айымдар өтө эле аз. Тилекке каршы, Кыргызстандын Өкмөтү келечектеги студент кыздарды инженердик кесиптерге тартуу боюнча программаны ишке ашырбай жатат.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2014-жылдан бери STEM багытын жана табигый-техникалык сабактар боюнча жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн мектептерди колдоп келе жатат, алар өзүнө долбоорлорду, жайкы мектептерди жана кыска мөөнөттүү курстарды камтыйт.

 

2016-жылы кышкы мектептер Ош Технологиялык Университетинин, Ош Мамлекеттик Университетинин, Кызыл-Кыядагы Технология, Экономика жана Укук Институтунун, БатМУнун, Нарын Мамлекеттик Университетинин, Талас Мамлекеттик Университетинин базасында жана Каракол шаарында «Билим Булагы» билим берүү борборунун базасында өтөт.

 

Мектепке жогорку 9-11-класстардын окуучу кыздары катышат.

 

Мектептин алкагында катышуучу кыздар математика, химия, физика, информатика, биология жана англис тили сыяктуу сабактар боюнча окутуудан өтөт.

 

Мектептер эки жумага 2016-жылдын 22-январына чейин созулат.