«Смартум» интеллектуалдык арифметика методикасы боюнча лекцияга чакырабыз

January 7, 2016, 06:00

«Смартум» интеллектуалдык арифметика методикасы боюнча лекцияга

 

чакыруу

 

2016-жылдын 26-январында (шейшемби)

 

 

Өткөрүү орду: Ишеналы Арабаев атындагы КМУ, Раззаков көчөсү, 51А, Киев көчөсү менен кесилиште

 

 

 

 

Кымбаттуу ата-энелер, урматтуу педагогдор, башталгыч класстардын жана балдар бакчаларынын методисттери!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду сиздерди «Смартум» интеллектуалдык арифметика методикасы боюнча таанышуу лекциясына чакырат.

 

Туура жана тез эсептей билүү ар бир балага жана чоң кишиге дайыма керек. Биз эки орундуу же үч орундуу сандарды кагазда же калькулятордун жардамы менен гана кошуга, кемитүүгө, анын үстүнө көбөйтүүгө болот деп эсептейбиз. «Смартум» менталдык арифметикасын түзүүчүлөр муну 4 жаштан 16 жашка чейинки ар бир бала үйрөнө алат деп ырастайт.

 

Бул методиканы индустар менен кытайлар байыртадан эле колдонуп келген. Азыркы учурда «Смартум» методикасы Индияда, Японияда, Сингапурда, Беларусияда кеңири колдонулат. Казакстан менен Россиянын мектептери жана балдар бакчалары менталдык арифметиканы кеңири колдоно баштады.

 

Бул меитодика жөнүндө жакшы билүү үчүн биз Сиздерди «Смартум» методикасынын дипломдуу педагогу Асель Айтматова өткөрө турган лекцияга чакырабыз. Лекция саат 11.00дө башталат. Катышуучуларды каттоо саат 10.00дөн тартып башталат.

 

Кирүү акысыз. Маалыматтар төмөнкү телефон боюнча – 660 384, www.roza.kg

 

Менталдык арифметика методикасы боюнча окуудан өтүүнү каалагандар кошуу жана кемитүү техникасы боюнча беш күндүк тренингге жана андан соң көбөйтүү жана бөлүү боюнча тренингге жазыла алат.

 

Анонс: кийинки лекция «КУМОН» методикасына арналган – баланы өз алдынча интеллектуалдык өнүктүрүү методикасы (Япония). Датасын жана кең-кесири маалыматты www.roza.kg сайтынан же 660 384 телефону боюнча билип алыңыздар.