Жаш жарандарыбызды жана борбор шаарыбыздын меймандарын «Лотос кыз» жаңы музыкалык спектаклинин премьералык көрсөтүүсүнө чакырабыз

December 29, 2015, 06:00


Жаңы 2016-жылды утурлап!


«Лотос кыз» балет спектакли

Кытай жомокторунун мотивдери боюнча


2016-жылдын 4, 5 ,6-январында саат 15.00дө

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы



Жаш жарандарыбызды жана борбор шаарыбыздын меймандарын кытай жомокторунун мотивдери боюнча «Тунгуч» театрынын «Лотос кыз» жаңы музыкалык спектаклинин премьералык көрсөтүүсүнө чакырабыз.


Кытай жомокторунда адаттагыдан башкача фантастикалык сюжеттер бар, аларда башкы каармандар адамдар гана эмес, ошондой эле ажыдаарлар, периштелер, желмогуздар. Кытай мифологиясында Ян жакшылыктын символу жана бүтүндөй алганда кытай улутун сактоочу болуп саналат. Ажыдаарда жаныбарлардын эң жакшы касиеттеринин баары чогултулган: башы төөнүкү, мүйүзү эликтики, көздөрү желмогуздуку, моюну жыландыкы, кабырчыктары карп балыгыныкы, тырмактары бүркүттүкү, буттары жолборстуку жана кулактары уйдуку.


Кытай Эл Республикасы - биз кылымдарды карыткан достук жана бир миң километр чек ара менен биригип турган коңшубуз. Достордун маданиятын, салттарын, фальклорун билүү кызыктуу болуп гана саналбастан, ошондой эле биздин балдарыбыз жана жаштарыбыз үчүн өтө маанилүү. Балким, дал ушул жомок сиздин балаңызга Кытай дүйнөсүнө эшикти ачып берет.


Оюн коюучу режиссер - Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова.

Экинчи режиссер – Асель Чоккараева

Сүрөтчү – Бакыт Тилекматов

Музыкант хореографтар – Мурат Шалтаев, Турдубек Алиев.


Спектакслде «Тунгуч» театрынын алдындагы театр студиясынын студенттери ойнойт.



Маалыматтар төмөнкү телефондор боюнча: 0312 663538, 0703 416049