«Билим берүү, технологиялар жана улуттук атаандаштыкка кудуреттүүлүк» темасына эл аралык эксперт, д-р Чунг Янг Линин ачык лекциясына чакырабыз

December 13, 2015, 06:00

2015-жылдын 18-декабрында саат 15.00дөн 17.00гө чейин Бишкек шаарында «Билим берүү, технологиялар жана улуттук атаандаштыкка кудуреттүүлүк» темасына эл аралык эксперт, д-р Чунг Янг Линин лекциясы өтөт. Лекциянын алкагында профессор Ли Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрү жөнүндө айтып берет, ошондой эле билим берүүдө жана технологияларды колдонууда улуттук атаандаштыкка кудуреттүүлүктү жогорулатуу боюнча сунуштарды берет.

 

Д-р Ли Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси, Питтсбург университетинин профессору (АКШ), Борбордук Азиялык Бизнес илимий-изилдөө борборунун директору (Питтсбург, Канзас, АКШ) болуп саналат. Анын билимдери жана дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүндөгү (Казакстан, Корея, АКШ, Бразилия, ОАЭ, Парагвай ж.б.) 30 жылдык кесиптик тажрыйбасы эксперттик көз карашты берүүгө жана көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.

 

Лекцияга каттоонун бардык маселелери боюнча ага катышуу үчүн төмөнкүдөй байланыштар боюнча кайрылыңыздар: 16-декабрга чейин 17-00: еmail: gulzada.urgunalieva@gmail.com же тел.: 0 (312) 660382, 0550 328868, Гульзада Ургуналиева, Бегаим Тулегенова.

 

Иш-чараны «Сорос-Кыргызстан» Фондунун «Маалыматтын эркиндиги» программасынын колдоосу менен турмушка ашырылып жаткан «Кыргызстанда ачык билим берүү ресурстарын алга илгерилетүү боюнча маалыматтык кампанияларды өткөрүү» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрүп жатат.