«INTEL» компаниясынын вице-президенти Шелли Эски айымдын Бишкектеги лекциясына чакыруу

November 19, 2015, 06:00

Урматтуу өнөктөр!

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Сиздерди юридикалык жана корпоративдик маселелер боюнча «INTEL» компаниясынын вице-президенти Шелли Эски (Shelly Esque) айымдын меймандык лекциясына чакырууга куштар.

 

«Билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар» темасындагы лекция 2015-жылдын 20-ноябрында саат 16.30да И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Корей залында (2-331-аудитория) төмөнкүдөй даректе өтөт, Тынчтык проспекти, 66

 

Лекцияны өткөрүү тили – синхрондук котормосу менен англис. Кирүү акысыз.

 

Шелли Эски айым Intel корпорациясынын кеңешинин төрайымы болуп саналат. IntelTeach программасынын алкагында корпоративдик маселелер боюнча топ бүткүл дүйнө жүзү боюнча 12 миллиондон ашык мугалимди окутту жана көптөгөн сыйлыктардын байгелүү ордун алды. Эски айым аялдарды өнүктүрүүгө зор көңүл бурат, жетекчи аялдардын Intel тармагынын жигердүү катышуучусу жана бүткүл дүйнө жүзү боюнча конференцияларда «Intel’деги аялдардын» атынан туруктуу спикер болуп эсептелет.

 

Лекция "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Маалыматтын эркиндиги" программасынын колдоосу менен өтөт.

 

Өзүңүздүн катышууңузду 19-ноябрга саат 17.00гө чейин төмөнкү телефондор боюнча ырастасаңыз ыраазычылык билдиребиз: 0312660382, 0550328868 же e-mail:gulzada.urgunalieva@gmail.com