Талас областынын Т. Герцен атындагы музейде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» деген көргөзмөнүн ачылышы өткөрүлөт

October 29, 2015, 06:00

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 6-ноябрында Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы Теодор Герцен атындагы музейде “Немецтер Кыргызстандын тарыхында” деген көргөзмөнү ачат.

 

Көргөзмөнүн башкы максаты –  Кыргызстандын кеңири коомчулугуна жана дүйнөлүк коомдоштукка Кыргызстандагы немецтердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүү, ошондой эле интеграциянын мындан аркы жолун жана Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусун чагылдыруу.

 

Көргөзмөнүн көркөмдүк образы – бул жаңы Мекенге ээ болууга карата жол. Дал немец-көчкүндөр үчүн Кыргызстандын жери Ата Мекен, өз үйү болуп калды.

 

Көргөзмөнүн экспозициясы эки чоң темада көргөзүлөт: 

1. ХIХ – ХХ кылымдардын экинчи жарымында Кыргызстан жашаган контексте тарыхый процесстер.

2. Кыргызстандын тарыхы үчүн баа жеткис мааниге ээ салымы бар немецтер.

 

Көргөзмөнү даярдоо окумуштууларды да жаңы изилдөөлөргө түрттү, алардын натыйжалары атайын жыйнакка чыкты жана көргөзмөнү ачууга арналган тегерек столдо бет ачары болду.

 

Көргөзмөнүн экспозициясы илимий коомчулуктун өкүлдөрүндөй эле кеңири коомчулук үчүн да кызыктуу. Өзгөчө балдар үчүн кызыктуу болот, алар үчүн интерактивдүү комплекс атайы даярдалган, анда музейдик тажрыйбалуу педагогдордун жардамы астында көргөзмө жана жалпысынан немец маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Көргөзмөнүн бардык материалдары көргөзмөнүн каталогунда толук көлөмдө берилген. 

 

Көргөзмөнү даярдоо жана уюштуруу боюнча өнөктөр болуп “Кыргызстандагы немецтердин Элдик кеңеши”, Кыргыз Республикасындагы Германия элчилиги, Гете-Институту, К. Аденауэр Фонду, “Интергласс” компаниясы саналат.

 

Кошумча маалыматтар үчүн 0312 66 03 68 телефондору жана office@roza.kg электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.