2015-жылдын 27-28 август күндөрү Баткен облусунда «Мектепке чейинки курактагы балдарга жаратылышты коргоо, өз ара мамиле түзүү боюнча жана жайлоо бала бакчаларынын шартында ар тараптуу өнүктүрүүнүн жолдору» аттуу тренинг өтөт

August 27, 2015, 06:00

Улуу Британиянын элчилигинин финансалык колдоосу астында Ага Хан фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан “Инфраструктараны жакшыртуу жана суу, жайыт ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн тиешелүү жергиликтүү институттарынын потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду 27-28 августта Баткен шаарында эки күндүк тренинг өтөт. Тренингтин катышуучулары: Бала бакчалардын жана жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары, жетекчилери, жайыт комитеттери, КР Өкмөтүнүн Баткен областтык ыйгарымдуу өкүлчүлүктүн кызматкери, Баткен мамлекеттик университетинин окутутуучусу.


Тренингде коңшу элдер менен чектешкен аймактарда жашаган бала бакчанын өкүлдөрүнүн экология, өз ара мамиле түзүү боюнча маалыматтуулугун, билгичтиктерин өркүндөтүүгө басым жасалат. Кенже курактагы балдарга билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандырууда илим багытындагы жетишкендиктерди колдонуу, коомчулук менен жигердүү иш алып баруу, облуста ачылган жайлоо бала бакчаларынын ишмердүүлүгүнүн сапаттык деңгээлге көтөрүү багытындагы темалар да каралат. Ошондой эле коңшулаш элдер менен болгон алакалардагы позитивдүү окуяларды китепче катары басып чыгаруу максатында талдоого алынат. Андан тышкары “Жайлоо бала бакчалары -2015” долбоорунун иштеши, перспективалары тууралуу талкуу болот.


Тренерлер: Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин доценти Тунгатарова Назгүл, «Эл аралык толеранттуулук» фондунун Баткен областы боюнча долбоордун менеджери Темирбаева Гүлнара, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо бала бакчалары-2015» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков.

 

Кошумча маалымат үчүн www.roza.kg сайты же 0312 66 03 68, 0556 54 91 54 телефондору аркылуу кайрылыңыздар.