КР экс-Президенти Р. И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусунун жайлоодогу балдар бакчаларына сапары боюнча пресс-релиз

July 15, 2015, 06:00

15-17-июлда КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Ош шаарына жана Баткен облусуна сапарлары болуп өттү. Сапардын жүрүшүндө жайкы эки: ОшТУнун алдындагы табигый-илимий сабактар боюнча жогорку класстардын окуучу кыздары үчүн физика, математика, химия боюнча мектепке; ОшМУнун алдындагы компьютердик сабаттуулукка ээ болууну каалаган бардык курактары айымдар үчүн мектепке барды.

 

(Кең-кесири маалымат төмөнкү шилтеме боюнча: http://www.roza.kg/2015/07/10/v-gorode-osh-sostoitsya-otkrytie-dvuh-letnih-shkol-estestvenno-tehnicheskih-disciplin-dlya-zhenschin-i-shkolnic).

 

Андан соң Баткен облусунда Р. Отунбаева Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда «Жайлоодогу балдар бакчалары – өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында ачылган төрт балдар бакчасына барат. Бул жайлоолордо жана Баткен шаарында балдар жана чоң кишилер үчүн улуу кыргыз кинорежиссеру Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгынын алдында кыргыз чек арачыларынын катышуусу менен фильмдерди көрсөтүү уюштурулат.

 

Маалымат үчүн: Долбоордун графигине ылайык 2015-жылы 100 балдар бакчасында чабандардын 2000ден ашык балдары окуйт. Батен облусунда жайлоодогу жети балдар бакчасы ачылды.

 

Балдар бакчаларында балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүүгө – китеп окуунун, жазуунун, эсептөөнүн, сүрөт тартуунун, музыканын, пластилинден жабыштырып жасоонун негиздерин жана башкаларды үйрөтүүгө багытталган ар кандай сабактар жана мастер-класстар өткөрүлөт.

 

Сабактарды өтүү үчүн жайлоодогу ар бир балдар бакчасы окуу буюмдарынын топтому жана канцтоварлар менен камсыз кылынган.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы: +312 660 382, моб.0552 600 738, www.roza.kg