«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербенин өткөрүү жөнүндө пресс-релиз

June 24, 2015, 06:00

Китеп окууга коомдун кызыгуусун арттыруу жана китеп окуу процессине балдарды максималдуу тартуу үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФтин колдоосу менен «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясын өткөрүп жатат.

 

Бул акция китепканалардын кадыр-баркын, алардын социалдык статусун жана шаардын турмушундагы маанисин жогорулатуу максатында инновациялык ишти өнүктүрүү, жаңы идеяларды жана иштин формаларын алга илгерилетүү аркылуу китеп окуу маданиятын жогорулатууга багытталган.

 

Бул долбоордун актуалдуулугун белгилөө үчүн акция бүткүл жайкы каникул мезгилинин ичинде Бишкек шаарында гана эмес, ошондой эле бүткүл республика боюнча өтөт деп пландаштырылууда.

 

2015-жылдын 24-июнунан 25-июнуна чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ЮНИСЕФ менен бирдикте бул акцияны Ош облусунда «Китеп окуу кербени» формасында «Бүткүл Кыргызстан балдарга китеп окуйт» деген девиз астында өткөрөт.