Роза Отунбаева балдар адабиятын чыгаруу демилгесин көтөрдү

October 28, 2012, 06:00

23-октябрда Композиторлор союзунун кеңсесинде өспүрүмдөр менен тыгыз иштешкен авторлор менен экс-президент Роза Отунбаеванын жолугушуусу болгонун «24.kg» агенттигине аталган чыгармачыл союздун төрагасы Турдубек Чокиев маалымдады. 

«Роза Отунбаева балдар үчүн үзгүлтүксүз чыгарма жаратып келаткан акындар менен композиторлорду жыйнап, Кыргызстандагы бала бакча жана мектептерде кыргыз тилинде жарык көргөн көркөм чыгармалар жетишсиз экенине тынчсызданып, өз демилгеси менен өспүрүмдөргө арналган китептерди чыгаруу маселесин көтөрдү. Жакындан баштап 6 жашка чейинки бөбөктөр үчүн атайы ыр сынак жарыялоо маселеси талкууланды. Жыйын жүрүшүндө жалпы билим берүү тармагында кыргыз тилдүү мектептерге жетиштүү деңгээлде камкордук көрүлбөгөнү айтылып, балдар адабиятын колго алуу максатында бөбөктөрдүн жаш курагына жараша көркөм чыгармаларга сынак жарыялоого токтолдук». 

Турдубек Чокиевдин айтымында, акыркы 20 жыл аралыгында мектептерде музыка сабагы үчүн керектүү адабияттар жетишсиз. «Эми акын-жазуучулар менен композиторлордун көңүлүн балдар адабиятына буруп, сөз өнөрүнө тарбиялоо мезгили келди.»

«24.kg»