Низами Гянжевиге 870 жыл
November 30, 2012, 06:0023-ноябрда Улуттук китепканада «Роза Отунбаевнын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси менен дүйнөлүк адабияттын залкары, азербайжан элинин талантуу акыны жана улуу ойчулу Низами Гянжевинин 870 жылдыгына карата адабий-музыкалык кече болуп өттү.
Дүйнөлүк адабиятка зор салымын тийгизген Низами Гянжевиге арналган кечеге саясатчылар, коомдук ишмерлер, мугалимдер жана студенттер катышты.
Азербайжан элинин чыгаан уулу Низами Гянжеви 1141-жылы байыркы Ганж шаарында кол өнөрчүнүн үй-бүлөсүндө туулган. Араб жана перс тилдерин терен өздөштүргөн Низаминин терен билимдүүлүгү, бийик таланты байкалып турат.
870 жылдан бери көп өзгөрүүлөр болсо да, Низаминин чыгармалары өзүнүн актуалдуулугун, кызыктуулугун, дүйнөлүк адабияттагы ордун жоготкон жок. Акындын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине, анын ичинен кыргыз тилине да которулган.
Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматов: «Низаминин «Жети сулуу» поэмасын кыргыз тилине которууга 5 жыл убактымды арнадым. Менин тагдырыма Низами чоң таасир тийгизди. Анын чыгармаларын окуп, мен аны сүйүп калдым», – деп белгип, жаш муундарды, студенттерди абдан таасирлентти.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп КРнын экс президенти Роза Отунбаева өзү демилге көтөрүп, Низами Гянжевинин 870-жылдыгына карата ушундай кече өткөрүп жаткандыгына, Азербайжандагы Низами эл аралык борборунун директору Ровшан Мурадов ыраазычылыгын билдирди. Ал чыгып сүйлөгөн сөзүндө: “Низами тууралуу сөздөрдү угуп мен сиздерге абдан ыраазы болдум. Анын ар бир поэмасы убакыт өткөн сайын картайып калбай, кайра жанданаарына дагы бир ирет ынандым”,- деп белгилеп өттү. Ошол эле учурда Ровшан Мурадов, КРнын экс президенти Роза Отунбаевага Низами эл аралык борборунун төш белгисин тапшырды.
Иш-чаранын соңунда өлкө театрларынын артистери жана Кыргызстандагы азербайжан диаспорасынын катышуусу менен концерттик программа тартууланды.
К.Карасаев атындагы БГУнун студенти
Айжан Бактыбек кызы