Бишкекте жаш кыргызстандыктардын келечек билимине көңүл бурдуруу максатында, биринчи Билим фестивалы өтөт.

April 11, 2013, 06:00

18-19 май күндөрү Бишкекте шаардын 6 борбордук аянтчасында Билим фестивалы өтөт. Фестивалдын уюштуруучулары “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду. 

Билим фестивалынын негизги максаты – бул шаардыктардын жана жалпы коомчулуктун мектепке чейинки, мектеп жана профессионалдык-техникалык билим, мектептен сырткары билимге көңүлүн буруу. Ошондой эле билим долбоорлоруна балдардын кызыкчылыгын арттыруу. 

Эки күндүк Билим фестивалы масштабы жана катышуучулардын саны жагынанабдан чоң болушу күтүлүүдө. Иш-чара бир убакытта бир нече территорияларда өткөрүлөт: Ала-Тоо аянты, “Дубовый Парк” сейил багы, Мамлекеттик тарых музейи, Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмма театры, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору, «Ала-Тоо» кинотеатры жана Ч.Айтматов атындагы улуттук орус драма театры. 

Фестивалдын территориясы 8 интерактивдик аянтчаларга (класстарга) бөлүнүп, ал жерлерде 2 күн ичиде тарбиялык мааниси бар көргөзмөлөр, мастер-класстар, викториналар, сынактар жана концерттер өткөрүлөт. Жалпы үй-бүлөө менен төмөнкү класстарга барууга болот: “Бардыгы үчүн билим”, “Профессионалдык форум”, “Китеп жыйыны”, “Билимбектин лабароториясы”, “Жомок дүйнө”, “Спорттук класс” жана “Концерттик-театралдык класс”.Фестивалда мааниси жана масштабы жагынан уникалдуу болгон билим берүү кызматтарынын көргөзмө-жарманкеси (акча төлөнчү жана акысыз) жүрүп, ал жакта көптөгөн балдар жана өспүрүмдөр борборлору, мектеп жана проффессионалдык лицейлер, студия жана клубтар өздөрүн көргөзүшөт. Ошондой эле шаар тургундары жана коноктору балдарды өрчүтүүчү оюндардын, балдар эмеректери менен кийимдерин көргөзмө сатыгына катыша алышат. Ошол эле жерде кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Жараманкеден түшкөн каражаттар специалдаштырылган билим берүү мекемелерине жөнөтүлөт. 

Айыл бала бакчалары жана мектептер үчүн китептер менен оюнчуктарды чоглутуу үчүн атайын кайрымдуулук акциясы каралган. Фестивалдын коноктору белгилүү балдар жазуучулары менен жолугуша алышат, ал эми көрүнүктүү инсандар бөбөктөргө арнап жомок окуп беришет, балалык кыялдары менен бөлүшүшөт. 

Мугалимдер үчүн кызыктуу мастер класстар жана тегерек столдор өтөт. Эң кызыктуусу, ар бир аянтчада тематикалык сынактарга катышып, спектакль жана концерттерди көрүп, балдар китептерин сатып алып же алмаштырып, баалуу археологиялык табылгаларды казып алууга катышып, айтор, жалпы үй-бүлөө менен шаңдуу эс алууга мүмкүн болот. 

«Биз ата-энелер менен мугалимдердин, жигердүү жаштар менен жалпы коомчулуктун көңүлүн билим берүү маселелерине бурууга кызыктарбыз. Биринчи Фестивалдын өткөрүлүшү, мындай тажырыйбаны республикага таркатууга чоң түрткү болуп берет деп ишенебиз. Ошондо көптөгөн ата-энелер өз балдарынын келечегине чөң салым кошуп башташат, мындай көрүнүш бизге акырындык менен жыйынтыгында күчтүү муунду жаратып берет», – деп белгилешет Фестивалдын уюштуруучулары. 

Биринчи Билим фестивалына билим берүү мекемелери, балдар борборлору, магазиндер, ассоциациялар жана бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик ведомстволор, эл аралык уюмдар жана донорлор жааматы жана билим берүү жаатындагы ишмерлер (жазуучулар. Сүрөтчүлөр, эксперттер, эл агартуучулар, ыктыярчылар, ата-энелер), массалык маалымат каражаттары жана бул тармакка кызыктар болгон бардык каалоочулар чакырылат! 

Билим фестивалынын уюштуруу комитети: 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду 

Тел.: +996 (312) 66-03-82, 89-81-65 

Моб.тел.: +996 555 98-80-98, 0 551-77-26-67 

Эл.дарек: bilimfestival@roza.kg 

Сайт: www.roza.kg 

Социалдык тармактагы иш-чаралар: