Бишкек шаарында «2014 Мекендештер форуму: Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө салым» экинчи конференция-саммити өтөт

June 5, 2014, 06:00

25-27-июлда Бишкек шаарында «2014 Мекендештер форуму: Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө салым» экинчи конференция-саммити өтөт

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду чет өлкөдө жашаган, өлкөгө пайда келтирүүгө жана Кыргызстанды өз мекеним деп эсептеген азыркы жана келечектеги муундар бакубаттуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө жетишүүсүнө катышууга ниеттенген мекендеш кыргызстандыктар үчүн конференция-саммитти даярдап жатат.

 

Уюштуруучулар мекендештерибиз өлкөдөн тышта жүргөн мезгилде ээ болгон жөндөмдөр, компетенциялар бүгүнкү күндө турмуштун бардык чөйрөлөрүндө, анын ичинде бизнесте, мамлекеттик кызматта, шаарларды, айылдарды, инфраструктураны, айыл чарбасын, билим берүүнү, саламаттык сактоону өнүктүрүүдө жана Кыргыз Республикасындагы экономиканын башка чөйрөлөрүндө жана секторлорунда талап кылынууга тийиш деп ишенет.

 

Биринчи «Мекендештер» форуму 2012-жылдын 2-3-августунда Бишкекте өткөн. Ал учурда Форумга 20 өлкөдө жашаган 300 мекендеш кыргызстандык чогулган. Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жетекчилери менен, министрлер жана ведомстволордун жетекчилери менен, жеке сектордун жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен тикелей диалог болгон. Анын жыйынтыктары боюнча биринчи Форумдун (2012-ж.) катышуучуларынын он-лайнактивдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган "Мекендештер News&Comments" социалдык тармагы жана "Мекендештер" формалдуу эмес клубу, ошондой эле ойлорду, көз караштарды бөлүшүү жана Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө дискурстарды түзүү уюштурулган.

 

Эки күндүн ичинде, 25-26-июлда, тегерек стол, пленардык жыйналыш жана панелдик дискуссия форматында миграциялык саясат, өз алдынча уюштуруу маселелери жана чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар диаспораларынын иши, Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин абалы талкууланат.

 

2014 Мекендештер форумунун жаңылыктарынын бири болуп китеп басып чыгаруучулардын, демейки экологиялык билимдерди алып жүрүүчүлөрдүн жана аянтчалардын кеңири көргөзмө иш-чараларын өткөрүү саналат, ал жерде Форумдун катышуучулары визиткаларды алмашып, кызматташуу жана бизнести жүргүзүү боюнча потенциалдуу өнөктөрдү таба алат. Форум 27-июлда Чолпон-Ата шаарында спорттук иш-чаралар менен аяктайт.

 

2014 Мекендештер форумунун уюштуруу тобу кызыкдар болгондун бардыгын www.mekendeshter.org дареги боюнча "Мекендештер News&Comments" сайтына кирүүгө чакырат. Жаңы платформа катталган ар бир катышуучуга өзүнүн блогун түзүүгө, жаңылыктарга комментарий берүүгө жана өлкөнү өнүктүрүү жагынан жаңы ойлорду жана көз караштарды бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Сайт аралыкты билбейт жана бир пикирдештерди бириктирет. Ошондой эле 2014 Мекендештер форумуна катышууга он-лайн каттоо ачык.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду авиакомпанияларды, туристтик фирмаларды жана мейманканаларды кызматташууга чакырат.

 

2014 Мекендештер форумунун уюштуруу комитети:

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду

 

Программанын жана контенттинмаселелери боюнча:

Координатор, Жамиля Жeeнбаева Тел.: +996 (312) 66-03-82; Моб.тел.: +996 777 593 460; Эл.почта: jamilia.jeenbaeva@yahoo.com

 

ЖМК маселелери боюнча:

PR-менеджер, Адельфия Аманкулова Тел.: +996 (312) 66-03-86; Моб.тел.: +996 551 77-26-67; Эл.почта: adelya.amankulova@gmail.com

 

Форумга каттоо маселелери боюнча:

Бухгалтер, Каныкей Капарбек кызы Тел.: +996 (312) 66-03-82; Моб.: +996 555 00-60-03; Эл.почта: kaparbekovna@gmail.com

 

Демейки экологиялык билимдердин жана китеп басып чыгаруучулардын көргөзмө-ярмаркасынакаттоо маселелери боюнча:

Уюштуруучу, Айзада Ургуналиева, Тел.: +996 (312) 66-03-86; Моб.тел.: +996 550 32-88-99; Эл.почта: a.urgunalieva@gmail.com