Бишкекте «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-класс өттү
December 21, 2014, 06:002014-жылдын 18-декабрында Бишкекте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду төө буурчактан жана ашкабактан тамак жасоо боюнча биринчи жолу «Төө буурчак жана Ашкабак» темасы боюнча ачык мастер-классты өткөрдү. Мастер-класс БУУнун Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен жана Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети жана «Тюбетейка» ресто-клубу менен өнөктөштүктө өттү. Иш-чарага КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева, Түркиянын КРдагы элчиси Метин Кылыч мырза, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Маргарет Фарнворт айым, Япониянын КРдагы элчиси Такаюке Коике мырза, КР ЖКнны вице-спикери Б.А Мамырова жана КР ЖКнын башка депутаттары, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өлкөлүк директору Рам Сараванамутту жана башка расмий адамдар, ошондой эле ЖМКнын (телекөрсөтүүнүн, радионун, газеталардын жана журналдардын) өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын максаты түрк ашканасынын тажрыйбасынан пайдалуу жана жеткиликтүү азыктардан (төө буурчак, ашкабак) тамак жасоо тажрыйбасын көрсөтүү аркылуу балдардын дене бой жана интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн мыкты жана сарамжалдуу тамактануу идеяларын алга илгерилетүү болду. КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева өз сөзүндө тамак-ашта төө буурчактын жана ашкабактын пайдалуу касиеттерин белгиледи жана косметология максатында ашкабактан бетке маска жасоонун рецептин меймандар менен бөлүштү. Түрк Республикасынын КРдагы Элчилигинин жана «Тюбетейка» ресто-клубунун шеф-ашпозчулары Эрол менен Андрей төө буурчактан жана ашкабактан жасалган тамактардын 7 категориясы боюнча мастер-классты көрсөттү. Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары 25тен ашык даяр тамактын көргөзмөсүнө, мектеп тамак-ашын ылайыкташтыруу боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын көргөзмөсүнө, «Раритет» китеп дүкөнү сунуш кылган кулинария боюнча китеп ярмаркасына барды жана бардык катышуучулар таратылуучу материал түрүндө төө буурчактан жана ашкабактан жасалган тамактардын рецептин, ошондой эле төө буурчактын жана ашкабактын пайдалуулугу жөнүндө маалыматты алды.