Экинчи Билим берүү фестивалы: презентация «Жашыл пакет – Мөңгүлөр»
April 26, 2014, 06:00Бүгүн, 26-апрелде «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан уюштурулган Экинчи Билим берүү Фестивалы ачылды. Фестивалдын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги РЦЭ-Кыргызстан менен өнөктөштүктө «Жашыл пакет – Мөңгүлөр» билим берүү ресурсунун бетачары өткөрүлдү. . «Жашыл пакет – Мөңгүлөр» үч республиканын – Казакстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын эксперттеринин катышуусу менен иштелип чыккан. Максаты – Борбордук Азия үчүн кыйла артыкчылыктуу болгон: суу жана суу ресурстары, чөлдөө, биоартүрдүүлүк, тоолор жана мөңгүлөр деген сыяктуу темаларды илгерилетүү үчүн «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» мультимедиялык билим берүү ресурсунун мүмкүнчүлүктөрүнүн бетачары. – Бетачарга мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун окутуучулары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Билим берүү академиясынын жана РЦЭ-Кыргызстан өкүлдөрү, туруктуу өнүгүү үчүн экологиялык билим берүү маселелери менен алектенген Кыргыз Республикасынын ОУР жана ӨЭМ эксперттери жана машыктыруучулары катышышты. Билим берүү материалдарынын комплекттери орто мектептердин мугалимдерине жана окуучуларына, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү тутумуна арналган. Ошол эле убакта, ал орто кесиптик жана атайын орто окуу жайларында экологиялык билим берүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Комплект окуучулар үчүн сабактар боюнча пландарды жана жумушчу баракчалары кошулган колдонмолорду, «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» CD жана окулуп жаткан көйгөйлөр боюнча кошумча маалымттардын CD-коллекциясын жана «Көйгөйлөр жана дилеммалар» оюнун камтыйт. Ошентип, «Жашыл пакеттин» пайдалануучулары мугалимдер үчүн колдонмодогу көрсөтмөлөрдү ээрчип окуу сабактарын алпаруу менен, көрмөкассеталарда болгон фильмдердин жардамы аркылуу аларды көрсөтмөлүү кылып, ошондой эле окулуп жаткан материалды CD-коллекциядагы же сунушталган интернет-сайттардагы материалдар менен толуктай алышат. «Борбордук Азия үчүн Жашыл пакет» айлана чөйрө жана туруктуу өнүгүү жаатында жаңы билимдерди алууну эле эмес жана бышыктоону көздөйт. Анын биринчи даражадагы милдети окуучуларда жаңы баалуулуктарды жана этикалык мамилелерди, мектепте, үйдө, коомдо жүрүп-туруунун жаңы моделин калыптандырууда турат. Окуучулар ар түрдүү иштерди уюштурууда, дискуссияларды, ролдуу оюндарды өткөрүүдө, чечимдерди кабыл алууда окутуучулардын жигердүү өнөктөштөрү катары каралат. Мугалимдер жана окуучулар аркылуу колдонмонун негизги идеялары ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн башка мүчүлүрүнө жана жалпы коомго даректелет. Айлана чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүүгө байланыштуу негизги көйгөйлөр 5 главага топтоштурулган 25 темада берилген. Окуу жүрүмүн билим берүүчүлүктүү жана кызыктуу кылууга «Көйгөйлөр жана дилеммалар» оюну жардам берет. Ал окуучуларга жаратылыш менен коомдун өз ара аракеттенүүлөрүнүн дайындуу көйгөйлөрүн интерактивдүү таризде талкуулоого, аларды чечүүдө өз варианттарын сунуштоого жана коргоого мүмкүнчүлүк берет. Оюн балдар үчүн да, чоңдор үчүн да бирдей кызыктуу. Жылдыз Дуйшенова