Роза Отунбаева ЖАМУнун студенттеринин алдында сөз сүйлөдү

February 10, 2014, 06:00

Бүгүн, 10-февралда, Кыргызстандын экс-президенти Жалал-Абад мамлекеттик университетине барды жана Кыргызстандын өнүгүшүнүн экономикалык өңүттөрү боюнча лекция окуду, бул жөнүндө Tushtuk маалымат агенттигинин региондук кабарчысы билдирет.

 

Экономикалык кырдаал жана өнүгүү жолдору жөнүндө айтуу менен, Роза Отунбаева Япония жана Германия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдү мисал келтирди. Кыргызстандыктардын турмуш деңгээлинин төмөн экенин түшүндүрүп, калктын киши башына ИДПнын төмөн деңгээлин көрсөттү. «Кыргызстанда калктын киши башына ИДП – 1000 доллар, Казакстанда – 3000 доллар, Россияда – 15000 доллар, ошондуктан ар кандай өлкөлөрдө өз калкынын турмуш деңгээлин камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү ар башка, экономиканы өнүктүрүп жана өз ИДПнын деңгээлин жогорулатуу керек», - деп айтты Отунбаева.

 

Иш-чара ЖаМУнун чоң жыйын залында өттү жана зал толо студенттер менен педагогдор келди.

 

www.tushtuk.kg