«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарына иш сапары

February 7, 2014, 06:00

Бул иш сапардын алкагында Мектепте тамактанууну жакшыртуу жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн балдардын санын арттыруу максатында жайлоо бала-бакчалары тууралуу жолугушуулар Жалал-Абад, Баткен жана Ош областарында ишке ашат.


Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон районундорундагы бир катар бала бакчалардын ишмердүүлүктөрү менен таанышып, тарбиячылар ата-энелер менен жолугушуп, алардын маселелери талкууга алынат. Ошондой эле жолугушуулар Баткен облусундагы Эдельвейс, Ак-Татыр айлындагы Гүлзар, Паскы-Арыктагы Алтын Казык жана Ош Мамлекеттик университеттин алдындагы бала бакчалардын эмгек коллективи, ата-энелер менен өткөрүлөт.


Жалал-Абад жана Ош Мамлекеттик Университеттеринде, профессордук-окумуштуулар жамааты жана студенттер менен жолугушуулар болот.


Жалал-Абад, Баткен, Ош областык админстрациянын жетекчиликтеринин, айылдык кеңештин депутаттарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жайыт комиттетери, мектептин директорлору, областтык санэпидемстанциялардын жетекчилери, социалдык бөлүмдүн башчылары, балдар темасында иштеген мамлекеттик эмес уюмдун жетекчилери, эл аралык уюмдун өкүлдөрү, бала бакчалардын башчылары, айылдык ден-соолук комитеттери жана ата-энелер катышкан жыйындар өтөт.


Андан тышкары Жалал Абад областынын №13, орто мектебинде окуучулардын тамактануусу менен таанышып, мектеп жетекчилери, ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү менен мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу боюнча жолугушуу өткөрүлөт.


Жалал-Абад Мамлекеттик университетинде 10-февралда Эл аралык Монтессори-институтунун директору Смирнова Надежда Николаевнанын киришүү маалыматтык лекциясы өткөрүлөт.


Иш чарага Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, ЮНИСЕФ уюму, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү катышышат.


Маалымат үчүн телефондор: Бустон Мирзахмедова, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунун координатору, моб. : 551 15 11 55