Диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле, деп эсептейт Р.Отунбаева

February 4, 2014, 06:00

Дин жана диний уюмдар оорулуу адамдарга ооруну көтөрө билүүгө жардам бере алаар эле. Бул жөнүндө бүгүнкү Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева билдирди.

 

Анын айтымына караганда, Кыргызстанда, башка өлкөлөрдөгүдөй эле, паллиативдик жардамды өнүктүрүү зарыл. «Албетте, саламаттыкты сактоо системасынын зор күч-аракеттери талап кылынат жана өнүккөн өлкөлөр гана паллиативдик дарылоого муктаждарды толук камтуу менен ушундай дарылоону камсыз кыла алат. Мага диний уюмдар паллиативдик жардамды бере алар эле деген ой келди. Айталы, Ислам – бул жигердүү өнүгүп келаткан жаш дин. Ислам биздин айымдарыбызды узун көйнөктөрдү кийүүгө мажбурлап жана кандайдыр-бир нерселерди жасоого тыюу салууга тийиш эмес, бул биздин коомго мүнөздүү эмес, ал адамдарга жарам берүүгө үйрөнүүгө тийиш», деп айтты ал.

 

Р.Отунбаева дин адамдын ден соолугун жакшы кезде гана эмес, ошондой эле ал жардамга муктаж болуп турганда аны коштоого тийиш деп белгиледи.