Ракка каршы күрөшүүгө бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – Р.Отунбаева

February 3, 2014, 06:00

Биз рактан өкмөттүн, врачтардын, тууган-туушкандардын күчү менен арыла албайбыз, бул илдетке каршы бүткүл коом түп көтөрүлүп чыгууга тийишпиз, – деп билдирди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 4-февралда Ракка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган форумда.

 

«Эң башкысы – бул агартуу, билим берүү иши. Биз адам өзүнүн ден соолугун өзү сактоого тийиш, ал превентивдүү чараларды көрүүгө тийиш деп айтуу менен көп нерселерди жасай алабыз. Мисалы, аялдар өзүн-өзү текшерип, эмчектин рагын эң биринчи стадиясында эле өздөрү таба алат», - деп айтты ал.

 

«Жыл сайын акыркы стадиядагы эмчектин рагынан 500 аял көз жумат. Бул аялдар кеч келет, булар мигрант аялдар, алардын ден соолугун караганга убактысы жок, алар балдарын бутуна тургузууга тийиш», - деп айтты ал.