Экс-президент Р.Отунбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору болуп калды

February 2, 2014, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫМУ) Ардактуу профессору болуп калды. «ЫМУнун Ардактуу профессору» наамын Р.Отунбаевага Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн ыйгарышты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдиргендей, «ЫМУнун Ардактуу профессору» наамын экс-президентке жакында Каракол шаарында ЫМУнун окутуучу курамы жана студенттери менен жолугушууда университеттин ректору Курманбек Абдылдаев тапшырды.

 

Р.Отунбаева, белгилегендей, Ардактуу профессордун наамын ыйгаруу ал үчүн күтүүсүздүк болуп калды. «Ысык-Көл дайыма билим берүүнүн флагманы болгон. Биз бардыгыбыз биргелешип балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлонушубуз керек, сапаттуу билим берүү аркылуу өнүгүүгө карай жолду табуу зарыл, ал эми бул үчүн күч-кубат жана өжөрлүк керек. Дайыма алдыда жүрө бергиле», -деди ал.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Уланбек Маликов Р.Отунбаеваны ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан куттуктады жана кийинки визиттин жүрүшүндө облустун ардактуу профессору катары лекция окуп берүүнү өтүндү.

 

ЖОЖдун студенттери жана профессордук-окутуучу курамы менен жолугушууда экс-президент «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун ишмердиги жөнүндө айтып берди, атап айтканда, мектепке чейинки билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерине токтолду. Мындан тышкары, ал университеттин окутуучулары менен студенттеринин суроолоруна жооп берди, ошондой эле ЖОЖдун Ардактуу меймандарынын китебинде өз каалоолорун калтырды.