Р.Отунбаева: Сапаттуу билим берүү аркылуу өнүгүүгө карай жолду табуу зарыл

February 1, 2014, 06:00

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин (ЫМУ) Ардактуу профессору болуп калды.

 

Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө билдиргендей, ардактуу профессордун наамы Кыргызстанда билим берүүнү жана илимди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн тапшырылды.

 

«Биз бардыгыбыз биргелешип балдарыбыздын келечеги жөнүндө ойлонушубуз керек, сапаттуу билим берүү аркылуу өнүгүүгө карай жолду табуу зарыл, ал эми бул үчүн күч-кубат жана өжөрлүк керек. Ысык-Көл дайыма билим берүүнүн флагманы болгон. Силер дайыма биринчи катарда болуп келгенсиңер, силердин жакшы кадыр-баркыңар бар, андыктан дайыма алдыда жүрө бергиле!», -деди ал.

 

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлү Уланбек Маликов Р.Отунбаеваны облустун ардактуу профессору катары лекция окуп берүүгө чакырды.

 

Университеттин студенттери жана профессордук-окутуучу курамы менен жолугушууда экс-президент «Роза Отунбаеванын демилгеси» деген аталыштагы фонддун ишмердиги жөнүндө айтып берди, атап айтканда, мектепке чейинки билим берүүнүн көйгөйлүү маселелерине токтолду.

 

CA-NEWS (KG)