Талапка жооп берген талапкерлер интервьюга чакырылат. ЖМК биз жөнүндө: Бишкекте «Музыка – элдин дили: Украина» концерти өттү

January 29, 2014, 06:00

Сахнада элдик бийлер аткарылып, фольклордук, эстрадалык музыка, романс ырлар ырдалды.


Кыргыз улуттук консерваториясында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун долбоорунун алкагында уюштурулган «Музыка – элдин дили: Украина» презентация-концерти өттү.

 

«Биз программаны кыскартканыбыз менен концерт узак, бирок кызыктуу болот», - деп убада кылды иш-чаранын башталышында алып баруучу, Германиянын элчисинин орун басары Андерс Лундгрендин жубайы Светлана Лундгрен.

 

Программа чындыгында эле өтө мыкты, ал эми маалымат билим берүүчү болду. Ал эми концерт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, президенттик "Манас" камералык оркестринин көркөм жетекчиси жана дирижеру Эрнис Асаналиевдин чыгуусу менен башталды. Ал Украинанын эл артисти Мирослав Скориктин мелодиясын аткарып, аны бардык украиндерге арнады.

 

Украин улуттук костюмдарын кийген "Барвинок", "Вечорницы" ансамблдери «Жаңы жылыңар жана Христостун туулган күнү менен» деген шаңдуу музыкалык-сахналык оюнду көрсөттү. Көрсө, украиндердин майрамдык дасторконунда сөзсүз болуучу тамак – кутья экен. Ал буудайдын данынан жасалат, ага таттуу бал, жаңгак, жүзүм, мак кошулат. Буудайдын данын тазалоо үчүн бүт үй-бүлө киришчү. Кутьяда дан канчалык көп болсо, майрамга ошончолук көп ата-бабалар катышат. Салтка ылайык, артисттер куттуктоо сөздөрү менен бирге сахнага дан чачышты.

 

Андан соң меймандарга кыргыз музыкалык аспаптарын черте билгендиги менен белгилүү болгон украин Мария Наумова күүлөрдү кайсы – кыргыз же украин – аспабында аткара тургандыгын билүү кыйын болду. Украин жана кыргыз маданияттары бири-биринен кыйла алыс экенине карабастан, көптөгөн окшош аспаптар бар, алар: дрымба - темир-комуз; окарина - чопо-чоор; сопилка – чоор. Алып баруучулар ошондой эле меймандардын украин тилүүнү үйрөнүүгө жөндөмүн текшерди.

 

Сахнада элдик бийлер аткарылып, фольклордук, эстрадалык музыка, романс ырлар ырдалды. Меймандар Чүй облусунун "Ак-Суунун ак элечиги айымдары" ансамбли аткарган "Распрягайте, хлопцы, кони!" ырына өзгөчө катуу кол чапты.

 

Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын президенти Бектемир Мурзубраимов өз сөзүндө туура белгилегендей, украиндер – эң музыкалуу эл. ЮНЕСКОдо эле 15,5 миң украин элдик ырлары катталган – бул башка элдердикинен көп. Украин элдик ырлары бардыгы болуп 300 миңден ашык.

 

Мурзубраимов украиндер кыргыз жерине көчүп келгенден бери 150 жылдан ашык убакыт өткөнүнө карабастан, алар тилин жана улуттук мүнөзүнүн жалпы белгилерин – меймандостугун, мээримдүүлүгүн, тамашакөйлүк сезимин сактап калды деп баса белгиледи.

 

Анын тең алып баруучусунун, "Берегиня" украин коомунун кеңешинин төрагасы Владимир Нарозянын айтымы боюнча, концерт Украинадагы азыркы окуялар башталганга чейин эбак пландаштырылган.

 

«Украина башынан кыйын кезеңди өткөрүп жатат. Бирок концерт али ноябрдын аягында, майданга чейин эле пландаштырылган, ал эми аны өткөрүү датасын декабрда эле аныктаганбыз», - деп комментирийледи ал.

 

«Бүгүн менин бардык досторум оюн көрсөтүп жатат. Байкасаңар, украиндер гана эмес, ошондой эле кыргыздар да, орустар да украин тилиндеги ырларды ырдап жана гопак бийлеп жатат. Бул украин маданияты көпчүлүк элдер үчүн кызыктуу экендиги тууралу айтып турат. Роза Отунбаеванын Фондунун колдоосу аркасында биз сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлдүк» - деп кошумчалады Нарозя.

 

Зал толуп турду. Экс-президенттен тышкары, ардактуу меймандардын арасында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Улубританиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Джудит Фарнворт, Ага Хан Фондунун, ОБСЕнин өкүлдөрү катышты.

 

 

Анастасия Ходыкина