Экс-президент Р.Отунбаева Жалал-Абаддагы жана Сузактагы жамааттык балдар бакчалары менен таанышты

February 10, 2014, 06:00

Экс-президент Роза Отунбаева 10-февралда Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы жамааттык балдар бакчаларынын иши менен таанышты.

 

Р.Отунбаева менен бирге балдар бакчаларына эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү барды. Экс-президентти Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Торомаматов, Сузак районунун акими Н.Мирзахмедов жана Жалал-Абаддын мэри М.Арапбаев коштоп жүрдү.

 

Р.Отунбаева башында турган делегация Жалал-Абад шаарындагы №19 балдар бакчасына жана Сузак районунун Камыш-Башы айылындагы «Байчечекей-2» балдар бакчасына барды.

 

Р.Отунбаева «Байчечекей-2» балдар бакчасында балдар курагы боюнча топторго бөлүнбөгөнүнө нааразычылык билдирди. «Мен бул жерден мектепке сапаттуу даярдоону көрбөй турам. 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды бирге окутуу мүмкүн эмес», -деп айтты ал.