Берлиндин жана Лейпцигдин музейлеринин негизги тенденциялары – заманбап музей менеджменти

December 22, 2013, 06:00

2013-жылдын 24-ноябрынан тартып 30-ноябрына чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду демилге кылган «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» долбоорун турмушка ашыруу жагынан иштеп жаткан эксперттик топ музей иши жана менеджменти менен таанышуу максатында Берлинде жана Лейпцигде болду.

 

Иш сапарды Гете Институту жана ФРГнын Кыргызстандагы элчилиги колдоду.

 

ФРГнын музейлери менен таанышуу «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» долбоорунун бир бөлүгү катары пландаштырылган, анын алкагында тарых музейинде көргөзмөнү уюштуруу, илимий-практикалык конференцияны өткөрүү, республиканын региондорунда жана ФРГнын шаарларында көргөзмөлөрдү көрсөтүү пландаштырылууда.

 

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин эксперттик топ Берлиндин жана Лейпцигдин музейлеринин иши боюнча мастер-класстарды жана презентацияларды өткөрөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын музейлеринин көйгөйлөрү боюнча анкеталоону өткөрөт.

 

Бүгүн, 2013-жылдын 20-декабрында, эксперттик топ «Берлиндин жана Лейпцигдин музейлеринин негизги тенденциялары – заманбап музей менеджменти» темасы боюнча презентацияны өткөрдү.

 

Презентация музей кызматкерлеринин, ЖОЖдордукн жана коомдук уюмдардын катышуусу менен Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. Презентацияга ошондой эле долбоор боюнча өнөктөр – «Кыргыз Республикасындагы немецтердин Элдик Кеңеши» коомдук бирикмеси, Немецтер Үйү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү катышты.

 

*Азыркы эгемендүү Кыргызстан үчүн тарыхый кырдаалдардан улам Кыргызстанга көчүүгө аргасыз болгон бардык этностордун тарыхын жана маданиятын объективдүү чагылдыруу маанилүү.

 

Бүгүнкү күндө, массалык эмгек миграциясынын мезгилинде жаштар өз элинин тарыхын гана билбестен, ошондой эле башка элдердин тарыхын, өлкөнүн өнүгүшүнө алардын эмгектик, интеллектуалдык жана руханий салымын, алардын жергиликтүү калк менен биргелешкен турмушун билиши зарыл.

 

Экономикалык каатчылык учурларында маданият улуттук аң-сезимди көтөрүүдө, тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө үчүн бардыгын баш коштурууда чексиз роль ойной алат. 

 

Ошондуктан «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» долбоорунун максаты маданияттар аралык диалогдун жана эл аралык өз ара түшүнүшүүнүн негизинде сабырдуу, ачык, эркин коомду түзүү болуп саналат.

 

Кыргызстандын азыркы музейлеринин көйгөйлөрүн – бюджеттик финансылоонун жетишсиздигин, музейлерди техникалык жабдуунун жупунулугун, музей бизнесин өнүктүрүүдө инвестициялардын жоктугун, кызматкерлердин дүйнөлүк тажрыйбаны жана жаңы экономикалык шарттарда иштөөнү билбегендигин – эске алып, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көргөзмөнү уюштуруу үчүн жооптуу музей эксперттери командасынын потенциалын өнүктүрүүгө зор маани берет.

 

Германияга сапар, Берлиндин жана Лейпцигдин музейлеринин жетишкендиктери менен таанышуу, ошондой эле Германиянын музей эксперттери менен жолугушуулар музей менеджменти жана музейлердин көргөзмө иши жагынан Кыргызстандын музейлери үчүн мыкты материал берди. ФРГ ээ болгон тажрыйбаны эске алып, эксперттик топ «Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсүн уюштурууда жаңы ыкмаларды колдонот.

 

Эксперттердин сапарын уюштурууда Гете институтунун колдоосу – долбоорду өнүктүрүүгө жана музей адистерин даярдоого чоң салым.

 

Биз Германиянын музейлери жана музей менеджменти жагындагы адистер менен андан аркы өнөктөш кызматташтыкка үмүттөнөбүз.

 

«Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» көргөзмөсү Кыргызстандын региондорунда жана Германиянын шаарларында көрсөтүлөт.

 

Ошондуктан көргөзмөнүн мааниси жана аны андан ары өнүктүрүү ачык коомду жана чеги жок өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн эл аралык кыймылга салым болот.

 

 

Алмакан Найзабекова

«Кыргызстандын тарыхындагы немецтер» долбоорунун координатору 0555 799 345