Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институту менен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач орто мектебинин ортосундагы келишимге кол коюлду

December 19, 2013, 06:00

2013-жылдын 12-декабрында саат 14.00дө Каратал Табалдинов атындагы Кара-Жыгач орто мектебинде (Чүй облусунун Аламүдүн району) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институту менен Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач орто мектебинин ортосундагы келишимге кол коюлду.

 

Тараптардын ортосундагы биргелешкен кызматташтыктын максаты интерактивдүү сабактарды өтүү, экскурсияларды жана КР УИА институтунун лабораторияларында практикалык иштерди жүргүзүү аркылуу табигый илимдерге балдардын кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

 

Келишимге кол коюу аземине КР УИА Биология-кыртыш институтунун, Кара-Жыгач орто мектебинин, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, ошондой эле «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышты.

 

Мектеп парламентинин өкүлдөрү меймандар үчүн мектеп боюнча экскурсияны уюштурду. Мектепте Кыргыз ССРинин белгилүү саясий ишмери Күлүйпа Кондучалованын музейи, балдар бакчасы, спорттук-ден соолукту чыңдоо комплекси, ошондой эле көркөм сүрөт студиясы бар болуп чыкты. Чакырылган меймандарга көркөм сүрөт студиясынын окуучулары тарткан сүрөттөр тапшырылды. Ал эми 8-класстын окуучусу Автандил кызы Тахмина өз ишин жеке Роза Отунбаевага берди.

 

Ошондой эле катышуучулар жана мектеп окуучулары үчүн институттун өкүлдөрү экология жана биологиялык ар түрдүүлүк маселелери боюнча презентацияларды өткөрдү. «Ошентип, бүгүн кичи академиябыздын алгачкы кышы коюлду», - деди бул демилгенин уюштуруучулары.