Кайчы байланыш: Токмок шаарынын мэриясы

December 19, 2013, 06:00

Фонддун дарегине Токмок шаарынын мэринин жардамчысы Абдраев Марат Долосбековичтен кат келип түштү.

 

«Кыргызстандын Экс-президенти Роза Отунбаева мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүгү жок 6 жаштагы балдар үчүн милдеттүү түрдө мектепке кирер алдындагы даярдыкты алга илгерилетүү боюнча долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Токмок шаарына келди.

 

Сапарынын жүрүшүндө Р.Отунбаева бир катар социалдык объекттерге барды жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча лекцияларды өткөрдү. Визиттин жүрүшүндө көтөрүлгөн негизги маселелердин бири мектепке чейинки курактагы балдарды балдар бакчалары менен камсыз кылуу болду. Роза Исаковна өз сөздөрүнүн биринде балдар тобунун чоң бөлмөлөрүнүн бири, тагыраак айтканда – уктоочу бөлмө, өтө натыйжасыз пайдаланылат деп белгиледи. Иш жүзүндө ал күнүнө 2 саат гана колдонулат, бардык калган учурда бөлмө бош турат. Бул жолугушуудан кийин биз ар кандай варианттарды караштыра баштадык жана бул маселенин чечилишин мобилдүү, жыйнактуу уктоочу эмеректерди пайдалануудан таптык. Ошентип, балдар бакчасынын ар бир тобунда бирден бөлмө бошотулат, бул мектепке чейинки мекемеде кошумча топторду ачууга мүмкүндүк берет.

 

Болжолубузду текшерүү үчүн биз бул сунушту «Классташтар» социалдык тармагынан «Токмок шаарынын мэриясы» тобунда коомдук талкууга койдук. Фотосүрөттө добуш берүүнүн натыйжаларынын скришоту жасалган: 10 миңден ашык адам «ООБА» деди. 

( Балдар бакчасында бөлмөлөрдү пайдалануунун ушундай жолу кезекте тургандардын санын эң кыска мөөнөттө азайтат деп ойлойм.  Сиз балдар бакчасында керебеттерди ушундай жайгаштырууга макулсузбу 

Ооба

Жок

Сиздин вариантыңыз ойлонулуп жатат)


 

 

Балким, бул этапта балдар бакчаларындагы бөлмөлөрдү сарамжалдуу пайдалануунун дал ушул чечими мектепке чейинки балдар мекемелерине кезекте тургандардын санын эң кыска мөөнөттө азайтууга мүмкүндүк берет.»

 

Урматтоо менен,

Токмок шаарынын мэринин жардамчысы

Абдраев Марат Долосбекович