4 жаштагы бала ушунчалык акылдуу болгондуктан мектепке эки жаш эрте кирди, Эйнштейн, Билл Гейтс жана Стивен Хокинг сыяктуу IQ деңгээли бар

December 17, 2013, 06:00

Шервин Сараби максималдуу мүмкүн болгон IQ - 160 баллга жетти.

 

Психолог аны «интеллекттин өтө жогорку деңгээлине» ээ катары сүрөттөдү.

 

Шерви мектепке эки жашында барды жана анын акыл-эсинин курагы – 9 жашка жакын. Ал төрт жаш курагында эле Mensa’нын мүчөсү болгон жана өзүнүн интеллектинин эсебинен даңкка жетти. Бирок Шерви Сараби үчүн бул жетишсиз болгон, аны IQ 160 балл жазуусунан кийин Альберт Эйнштейн, Билл Гейтс жана Стивен Хокинг менен салыштырышат.

 

Түштүк Йоркширдин Барнслисиндеги Шерлини тестирлеген психолог анын баллы – Векслер шкаласы боюнча мүмкүн болгон максималдуу – ал «интеллекттин өтө жогорку деңгээлине» ээ экендигин көрсөттү деп белгиледи. Анын IQ баллы Шервинин улуу жетишкендиктеринин узун тизмегинде акыркы болуп саналат, ал үч жашында Mensa’га кошулган.

 

Анын тили он айында чыккан, 20 ай кезинде толук сүйлөмдөрдү сүйлөгөн, ошондон бери өз ата-энесин, мугалимдерди жана врачтарды таң калтырып келет.

 

Азыркы учурда Шервиндин акыл-эсинин курагы сегиз жыл жана тогуз ай – анын чыныгы курагынан эки эсе көп – жана ал азыр ушул деңгээлде окуп жатат.

 

Психолог-педагог – д-р Питер Конгдондун айтымы боюнча:

«Шервин интеллектинин деңгээли өтө жогору, ал болуп көрбөгөндөй таланттуу жана анын сөз байлыгы бул дүйнөнүн чегине батпайт.»

«Анын интеллекти мүмкүн болгон максималдуу деңгээлге жетет жана ал сиз менен сүйлөшүп жатканда, анын социалдык жөндөмдөрү чоң баланыкындай.»

Ал ошондой эле буларды кошумчалады: «Бала интеллекттин ушундай тибине ээ болушу мүмкүн деп эч кимдин оюна келбейт, тест боюнча ал эң башында турат.»

«Мен өзгөчө өнөрлүү балдар жагынан адистешкем, бирок мен Шервинди тестирлегенде, өзгөчө көрүнүшкө туш келгенимди түшүндүм».

 

Төрт жаштагы балдардын көпчүлүгү али мектепке бара элек болсо, Шервин Хаддерсфилд шаарындагы Растрик көзкарандысыз мектебинде сегиз жана он жаштагы балдар үчүн программаны окуп жатат.

 

Шервиндин 37 жаштагы апасы, мурдагы мугалим Аманда Сараби мындай дейт: «Ал абдан бактылуу, дени сак бала жана баарлашканды жакшы көрөт.»

«Ал бардыгы тууралу сурай берет, мен анын суроолоруна билишимче жооп берүү үчүн мүмкүн болгондун баарын жасайм.»

Ал мындай деп кошумчалады: «Анын жалпы билимдери төрт жаштагы бала үчүн таң калычтуу. Бул болсо ал эртеден-кечке чейин берген суроолордон улам ушундай деп ойлойм».

 

Апасынын айтымына караганда, үй-бүлөдө жалгыз бала болуп саналган Шервин буга чейин 940тан ашык китепти окуп чыкты: «Анын жакшы көргөн китеби – энциклопедия, анткени ал жаңы нерселерди таанып-билүүнү жакшы көрөт».

Мурдагы мугалим Сараби айым өзүнүн күйөөсү, 37 жаштагы Даруд катуу автомобилдик кырсыктан кийин оңолсун деп, айыкканга чейин ага камкордук көрүү үчүн иштен чыгып алган.

 

 

SHERWYN'S ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

 

Он ай: Бир жашка толо электе, Sherwyn’дин тили чыкты

 

20 ай: Он айдан кийин ал сүйлөмдөрдү сүйлөп калды

 

Эки жаш: Sherwyn дүйнөдөгү ар бир өлкөнү ажырата алат. Наристе ошондой эле 500гө жакын сөздү окуйт, дененин бардык негизги органдарын жана алардын функциялары сүрөттөйт, 200гө чейин эсептейт, формаларды аныктайт жана вулкандар менен асмандан түшкөн жылдыздар жөнүндө айтат.

 

Үч жаш: Mensa’нын мүчөсү болуп саналат жана мектепке бара баштайт

 

Төрт жаш: Sherwyn IQ 160 эсебин жазат, бул аны Альберт Эйнштейн, Билл Гейтс жана Стивен Хокинг менен бир катарга койду.