Австралиияда Мадрид клубунун жылдык чогулушу болду, ага КР экс-президенти Р.И. Отунбаева катышты

December 10, 2013, 06:00

7-8-декабрда Австралиянын Брисбен шаарында Мадрид клубунун жылдык чогулушу болду, ага КР экс-президенти Р.И. Отунбаева катышты. «Азыркы өнүгүү үчүн жумуш орундары. Жыйырмалык өлкөлөрүнө чакырык» деген темадагы эки күндүк конференциянын жүрүшүндө дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн келген саясатчылар, практиктер, илимпоздор азыркы замандын курч көйгөйлөрүнүн бирин – жумушсуздукту талкуулады.

 

Бүткүл планета боюнча жаштар чоң кишилерге караганда ишке үч эсе азыраак кабыл алынат. Алар эмгектенген күндө да, көбүнесе бейформал сектордо иштейт. Кесиптик билим бизнестин талаптарына жооп бербейт. Келечектеги кызматкердин зарыл билимдерин алуунун маанилүү этабы катары эрте билим берүүгө басым жасоо, өндүрүштө насаатчылыктын жана үйрөнчүктүн формаларын өркүндөтүү, кесиптик окуу точкаларынын жеке сектор менен тыгыз байланышы, жалпы билим берүүнү мектепте кесиптик окутуу жана кесиптик даярдоо менен толуктоо зарылчылыгы, миграция жумушчу күчү ашыкча болгон өлкөлөрдө жумушсуздук маселелерин чечүү жолдорунун бири катары – ушундай сунуштарды Р.Отунбаева бул конференцияда айтты.

 

Мадрид клубунун конференциясынын тыянактары жана сунуштары Австралиянын өкмөтүнө берилет, ал Жыйырма өлкөнүн тобунда өз төрагалыгын баштайт.