«Роза Отунбаева демилгеси» фонду ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы «Цивилизациялар диалогу – 2026» эл аралык форумуна катышты
July 16, 2026, 09:27
2026-жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында «ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы цивилизациялар диалогу – 2026» аталышындагы эл аралык форум болуп өттү. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, эл аралык уюмдардын, илимий коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, маданият мекемелеринин жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Форум Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин маалымат кеңсеси, ШКУ Катчылыгы, Кытай Эл Республикасынын чет тилдердеги басылмаларды чыгаруу жана жайылтуу иштери боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.
Иш-чаранын негизги темасы «Глобалдык
цивилизация демилгесин ишке ашыруу, гармония менен биримдикти кайра жаратуу»
болуп, элдердин өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөө, маданий алмашууларды жана ШКУ
мейкиндигиндеги гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине арналды.
Форумдун ачылыш аземинде Кытай Коммунисттик
партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда бөлүмүнүн жетекчисинин орун
басары, КЭР
Мамлекеттик кеңешинин Маалымат кеңсесинин жетекчиси Мо Гаои, Кыргыз Республикасынын экс-президенти, «Роза
Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева ,Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төр
агасынын орун басары Улан Маматканов ,
Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю
Цзянпин, Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын орун басары Пяо Янфань,
Кытайдын Чет тилдериндеги адабияттарды басып чыгаруу жана жайылтуу боюнча
башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юй Инфу сөз сүйлөштү.
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза
Отунбаева куттуктоо сөзүн сүйлөдү. «Цивилизациялар диалогу: ШКУнун
өнүгүүсүндөгү кийинки гуманитардык этап» аттуу баяндамасында ал ШКУ
түзүлгөндөн бери мамлекеттер ортосунда саясий ишенимдин бекем пайдубалы
түзүлгөнүн белгилеп, бүгүнкү күндө уюмдун алдында жаңы милдет — адамдар
ортосундагы ишенимди күчөтүү милдети турганын айтты.
Роза Отунбаева билим берүү, маданият жана
жаштар арасындагы алмашууларды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп,
биргелешкен окуу, илимий изилдөө жана баарлашуу аркылуу элдердин маданиятын
жана салт-санаасын терең түшүнүүгө жол ачыларын белгиледи. Ошондой эле ал
жаштардын алмашууларын жана өлкөлөрдүн маданиятын, тарыхын, тилдерин үйрөнүүнү
колдоого багытталган ШКУ цивилизациялар стипендиялык фондун түзүү
демилгесин сунуштады.
Пленардык жыйындын алкагында кытай
модернизациясы, мамлекеттик башкаруу, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы
кызматташтык, «Бир алкак — бир жол» демилгесин ишке ашыруу, ошондой эле
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы гуманитардык байланыштарды мындан ары
өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйында өз баяндамалары менен Кызыл-Суу
кыргыз автоном облусунун Манас эпосун изилдөө борборунун кызматкери, манасчы
Тургaнаалы Турсуналы, «Роза Отунбаева демилгеси» эл аралык коомдук фондунун
аткаруучу директору Роза Кайыкова, академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек
мамлекеттик университетинин ректору Мирлан Дылдаев, Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор Чолпон Койчуманова
жана Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы
директорунун орун басары Алмазбек Касымалиев чыгыш жасашты.
Талкууга ошондой эле эки өлкөнүн
илимий-изилдөө институттарынын, жогорку окуу жайларынын, эксперттик
коомчулуктун, мамлекеттик органдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын
өкүлдөрү катышты.
Форумдун программасына ШКУ өлкөлөрүнүн
маданий мурастарына арналган көргөзмөлөр, маданий презентациялар, кызматташтык
жөнүндө келишимдерге кол коюу аземдери, ошондой эле медиа, маданий мурас,
гуманитардык байланыштар жана инновациялык өнүгүү маселелерине арналган
тематикалык тегерек столдор кирди.






